акыркы жаңылыктар

Бишкекте киберкылмыштуулукту алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Коом

Бишкекте киберкылмыштуулукту алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Бишкек шаарында киберкылмыштуулуктун алдын алуу маселелерине арналган тегерек стол уюштурулуп, ага укук коргоо органдарынын, сот жана прокуратура өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелер катышып, талкуу жүргүзүштү. Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев ишчаранын максаты жана мааниси тууралуу сөз сүйлөп, чогулгандарды аталган көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды: “Бүгүнкү тегерек

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду

Саясат

Альпинист Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болду

Альпинист жана мурдагы чалгын кызматкери Эдуард Кубатов Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү кадрдык чечим өлкө жетекчилиги тарабынан кабыл алынган. Эдуард Кубатов — Кыргызстанда белгилүү альпинист, ишкер жана коомдук ишмер. Ал Альпинизм федерациясынын президенти болуп саналат жана дүйнөдөгү эң күчтүү альпинисттердин катарына кирет. Ал Эверест чокусун багындырган

Кыргызстан алкоголду колдонуу боюнча канчанчы орунда?

Экономика

Кыргызстан алкоголду колдонуу боюнча канчанчы орунда?

Кыргызстанда бир адамга жылына орто эсеп менен 5 литр таза спирт туура келерин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алкоголдун ден соолукка тийгизген таасиринин учурдагы тенденциялары боюнча глобалдык отчетунда келтирген. Өлкөдө эркектер орто эсеп менен 8,7 литр, ал эми аялдар 1,5 литр алкоголь колдонушат. Азия өлкөлөрүндө алкоголду көп колдонгон 10

Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Саясат

Осмон Ата жаңы конушунда 12 үй жол куруу үчүн түрттүрүлөт

Бишкек шаарындагы Осмон-Ата турак жай массиви аймагында Чыгыш айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу бузула турган 12 үйдүн ээлерине компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынганын 10-апрелде борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жер тилкелери боюнча ээлерине тең баалуу жер берүү же мыйзамда каралган башка альтернативалуу варианттарды сунуштоо максатында

Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

Экономика

Дагы 14 жылдан соң 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болот

2040-жылга чейин 33 өлкө суу тартыштыгына дуушар болорун "Казинформ" Анадолу агенттигинин маалыматына таянып жазды. Калктын өсүшү, климаттын өзгөрүшү жана керектөөнүн көбөйүшү суу ресурстарына болгон суроо-талапты күчөтүп, суу коопсуздугун негизги глобалдык көйгөйгө айландырууда. Божомолдор боюнча, 2040-жылга чейин 33 өлкө "суу тартыштыгы өтө жогору" зонасында

Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

Коом

Мээрим Жуманазарова Азиянын эки жолку чемпиону болду

9-апрелде Бишкекте өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште алтын медаль жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдешти чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде кыргызстандык балбан

Айдоочулардын жетишсиздигине жана автобустардын кечигүүлөрүнө эмне себеп?

Транспорт

Айдоочулардын жетишсиздигине жана автобустардын кечигүүлөрүнө эмне себеп?

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын экинчи автопаркынын башкы инженери Артур Омурзаков жүргүнчүлөрдүн автобусту узак күтүп калышынын себебин так айтып берди. Анын айтымында, автобустар жеңил унаалар менен бирдей тыгындарда туруп калууга мажбур болгондуктан алардын графикги сакталбай жатат. Кыязы, автобустар жолдордо унаалар аз болгон учурда бекитилген эски график боюнча эле

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан

Коом

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыгынан бир жылда 11,3 млрд доллар жоготушкан

Америкалыктар криптовалюта алдамчылыктарынан 11 млрд доллардан ашык акча жоготушканын "Казинформ" АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун интернет кылмыштары боюнча отчетуна шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, 2025-жылы интернет кылмыштары боюнча арыздануу борбору (IC3) 1 миллиондон ашык билдирүү алган, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 859,5 миң болгон. Өткөн жылы

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

Экономика

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз 18,5 млн сомдук товар кармалды

"Ак-Тилек – автожол" өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүнүн ири партиясы аныкталганын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. "Казакстандан келе жаткан кыргыз жараны А.М.В. (1988-жылы туулган) башкарган Volvo Truck үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа өткөрмө пунктуна тиешелүү товар коштоочу

Жер калкынын саны планетанын ресурстук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашты

Экономика

Жер калкынын саны планетанын ресурстук мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ашты

Жер жүзүнүн калкы планетанын ресурстарын түгөтүүдө тийиштүү деңгээлден ашып кеткенин британдык Environmental Research Letters журналына таянуу менен РИА Новости жазды. Окумуштуулар калктын санынын өсүшү жана азыркы ресурстарга – энергия, суу, минералдык байлыктарга болгон суроо-талапты эске алып, адамзаттын келечектеги жашоосун талдаган. Алардын болжолу боюнча, XXI кылымдын экинчи жарымында калктын саны 11-

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Коом

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Транспорт

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка