Экономика
Декабрдан тарта күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйөт
2026-жылдын декабрь айынан тарта укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын акчалай камсыздоосу жогорулайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, президенттин 2024-жылдын 18-октябрындагы №299 Жарлыгына өзгөртүү киргизилди. Ага ылайык, 1-декабрдан тарта кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 миң сомго көбөйүп, укук коргоо органдарында жана аскердик кызмат үчүн