Коом
Жаңы Ош базары жана Батыш автобекети качан бүтөрү белгилүү болду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкекте курулуп жаткан стратегиялык объекттер менен таанышып, транспорттук, соода-сатык жана спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иштерди көзөмөлдөдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Төрага Батыш автобекетинин курулушу жана жол тармактарынын абалы менен таанышып, борбордогу унаа тыгындарын азайтуу үчүн жалпы узундугу 8,74 км