Экономика
А.Касымалиев: саламаттыкты сактоого 2026-жылы 69,9 млрд сом бөлүндү
Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоого мезгил кутусун салуу аземине катышты. Анда сөз сүйлөп жатып, Адылбек Касымалиев өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдей турган жаңы мамлекеттик системанын пайдубалы түптөлүп жатканын билдирди. “Дарыны сатып алуу – иштин жарымы гана.