Коом
Ак-Бата конушундагы 650 орундуу мектептин курулушу 70%га аяктады
Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда курулуп жаткан 650 орундуу жаңы мектептин курулуш иштеринин 70%ы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан 650 орундуу жаңы мектеп курулууда. Министрликтин маалыматына ылайык, мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган.