Коом
Оштогу курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды
Ош шаарындагы көп кабаттуу турак жай комплексинде курулуш коопсуздугунун талаптары бузулганы аныкталып, курулуш иштерин жүргүзгөн компания 200 миң сом айыпка жыгылды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы Ишматов көчөсү 152/1 дарегинде курулуп жаткан 23 блоктон турган беш кабаттуу