Коом
Оштогу Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу мектеп курулууда
Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушунда 800 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча мектептин жалпы аянты 8 миң 339 чарчы метрди түзөт. Имарат беш блоктон туруп, үч кабат болуп курулат. Министрликтин маалыматына караганда,