Айгерим Качкынбекова

Агартуу министрлигинин мекемелерине 91 кызматтык унаа берилет

Коом

Агартуу министрлигинин мекемелерине 91 кызматтык унаа берилет

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунаа тапшырылат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү автотранспорт менен камсыз кылуу жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууга шарт түзөт. Унаалар “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг механизми менен алынат. Жалпысынан Chevrolet

Дүйнөлүк банк жана SECO Кыргызстандагы инвестициялык реформаларды колдойт

Коом

Дүйнөлүк банк жана SECO Кыргызстандагы инвестициялык реформаларды колдойт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын тобу менен жолугушуу өткөрдү. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык саясатынын учурдагы багыттары жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Тараптар өлкөнүн чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн жагымдуулугун жогорулатуу

Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Коом

Ошто Барпы Алыкулов мектебине 1200 орундуу жаңы корпус курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы мектепке 1200 орундуу кошумча корпус курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, аймактагы мектеп тартыштыгын жоюуга багытталган. Башкы план боюнча мектептин жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзүп, 4 кабаттуу 5 блоктон турат.

Москвада "Нарын" эркин экономикалык аймагынын өкүлчүлүгү ачылды

Экономика

Москвада "Нарын" эркин экономикалык аймагынын өкүлчүлүгү ачылды

Москва шаарында "Нарын" эркин экономикалык аймагы башкы дирекциясынын өкүлчүлүгүнүн расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү, анын ичинде биринчи катчы Назира

Кыргызстанда каналдарды бекемдөө үчүн жаңы технология колдонулушу мүмкүн

Коом

Кыргызстанда каналдарды бекемдөө үчүн жаңы технология колдонулушу мүмкүн

Бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков россиялык “Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда суу чарба инфраструктурасын бекемдөөдө колдонулуучу заманбап технологиялар талкууланды. Компания өкүлдөрү каналдарды, жээктерди жана гидротехникалык объектилерди бекемдөө үчүн пайдаланылуучу бетон полотносунун технологиясын тааныштырды. Маалыматка ылайык, бул технология

Марлен Маматалиев Улуттук хирургия борборундагы көйгөйлөр менен таанышты

Саясат

Марлен Маматалиев Улуттук хирургия борборундагы көйгөйлөр менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Парламенттен билдиришкендей, төрага алгач Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасаган дарыгерлер менен жолугуп, операция болгон бейтаптардан кабар алды. Ошондой эле Марлен Маматалиев медайымдарды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги адам өмүрүн

Чүйдө "Манас-2" көмөк чордонунун курулушу башталды

Энергетика

Чүйдө "Манас-2" көмөк чордонунун курулушу башталды

Чүй облусунда энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү алкагында жаңы 110/35/10 кВ “Манас-2” көмөк чордонунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, энергообъект Сокулук районунун Ак-Жол аймагында курулууда. Долбоор Бишкек шаарынын Фучик көчөсү жана Түндүк айланма жолу тараптагы аймактардын активдүү өнүгүшүнө байланыштуу ишке ашырылып жатат. Министрлик

Жаңы Башкы план: Бишкек коомдук транспортко басым жасайт

Транспорт

Жаңы Башкы план: Бишкек коомдук транспортко басым жасайт

Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти. Документ борбор калаанын аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, инфраструктуралык долбоорлорду жана шаардагы жашоо шарттарын жакшыртуу чараларын камтыйт. Башкы планда өзгөчө көңүл транспорттук системаны өнүктүрүүгө бурулган. Анда шаардагы унаалардын көбөйүшү жана жолдордун жүктөмү күчөгөн шартта, жеке автоунаадан коомдук транспортко өтүүгө шарт түзүү

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу жаңы станциялар орнотулат

Энергетика

Ысык-Көлдө электр унааларын кубаттоочу жаңы станциялар орнотулат

Энергетика министрлигинин “жашыл” энергетиканы өнүктүрүү саясатынын алкагында “Чакан ГЭС” ААКы өлкөдө электр кубаттоочу станциялардын тармагын кеңейтүү иштерин улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда негизги көңүл Ысык-Көл облусуна бурулуп, аймакта жаңы электр кубаттоочу станцияларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев айылындагы Мамбетова жана Проектируемая көчөлөрүнүн кесилишинде үч электр кубаттоочу

Бишкек мэринин тургундар менен жолугушуу графиги өзгөрдү

Коом

Бишкек мэринин тургундар менен жолугушуу графиги өзгөрдү

11-майдан тарта Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаанын тургундары менен ачык форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуулар Президенттин тапшырмасынын алкагында уюштурулуп, шаардын бардык райондорунда өтөт. Анда шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары талкууланат. Свердлов районундагы жолугушуулар 11-12-май күндөрү өтөт.

МИК: “Социалдык ипотека” боюнча үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет

Коом

МИК: “Социалдык ипотека” боюнча үйлөр баштапкы төлөмсүз берилет

“Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча турак жайлар жарандарга баштапкы төлөмсүз берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган программалар боюнча кезеги келген жарандар мурдагыдай эле 25 жылга чейин 4% жана 8% үстөк пайыз менен ипотекалык турак жай ала алышат. Ошондой эле “Менин үйүм” мамлекеттик

"Ачык кабинет" долбоору: Эми министрлердин иши элге ачык көрсөтүлөт

Саясат

"Ачык кабинет" долбоору: Эми министрлердин иши элге ачык көрсөтүлөт

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизет. Анын алкагында аткаруу бийлигинин негизги өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары менен ачык форматта иш күндөрүн өткөрүшөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 13-май күнү Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-