Коом
Таласта мыйзамсыз курулуп жаткан соода жайына чара көрүлдү
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас регионалдык башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин туруктуу негизде көзөмөлдөөнү улантууда. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Талас шаарынын А. Оторбаев көчөсү, 241 дарегинде жайгашкан “КЫРМАН” (кампа) соода жайынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, курулуш жүргүзгөн жаран жер тилкесинин