Бактынур Абдиева

Экономика

Кыргызстандын ИДПсы болжол менен 689 млрд сомду түздү

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү болжол менен 689 млрд сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га көбүрөөк. Мындай алдын ала маалыматты Улутстатком билдирди. “Кумтөрдү” эсепке албаганда, отчеттук мезгилде ИДПнын көлөмү 641 млрд сомду түзүп, 5%га өстү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 338 млрд сомду

Зыяндуу түтүндү азайтуу үчүн Кара-Кече көмүрүн брикеттөө сунушталууда

«Жашыл энергия» коомдук фондунун төрайымы, «Кыргызстандын Жашыл альянсынын» башкармалыгынын мүчөсү Анара Султангазиева 2-ноябрда Economist.kg уюштурган «Бишкек түтүн каптаган дагы бир кышка даярбы» деген темадагы тегерек столдо жергиликтүү көмүрдү брикеттөө керек деген пикирин билдирди. Эң негизги аба булгоочулар бул үйлөрүн от жагып жылыткан жергиликтүү тургундарбы деген суроого Султангазиева аларды күнөөлөгөн

Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери

Финансылык жактан сабатсыздыктан улам көптөр шылуундарга алданып, акчасын алдырышат. Алдамчылар түрдүү ыкмаларды колдонушат. Финансылык көз боёмочулуктун кандай түрлөрү бар жана алардан кантип коргонуш керек экенин Economist.kg-ге Улуттук банктын кызматкерлери айтып беришти. Финансылык алдамчылык деген эмне? Финансылык алдамчылык – бул мыйзамсыз түрдө баюу максатында алдамчылык, бирөөнүн ишенимин пайдалануу жана башка манипуляциялар

Валюта кризиси: Акча алмаштыруу жайларында доллар такыр жок – банктар аларга валюта сатпай жатыптыр

Кыргызстанда валюта кризиси күч алууда. Бүгүн, 11-ноябрда, Бишкектеги Моссовет кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайлардын дээрлик бардыгында АКШ доллары түгөнүп калган. Банктар аларга валюта сатпайт, анткени аларда да накталай доллар жок. 10дон ашык акча алмаштыруу жайларын кыдырып чыккан Economist.kg-нин кабарчысынын айтымында, бир дагы акча алмаштыруучу жайда АКШ доллары жок. Бир акча

«Түтүн көйгөйү табигый көрүнүш эмес, бул бийликтин конкреттүү саясаты» - Бермет Борубаева

«Түтүн көйгөйү табигый көрүнүш эмес, бул бийликтин конкреттүү саясаты, ал КР Конституциясына ылайык жарандарды таза аба жана экология менен камсыз кылууга тийиш», – деп #BishkekSmog демилгесинин активисти Бермет Борубаева 2-ноябрда Economist.kg уюштурган “Бишкек түтүн каптаган дагы бир кышка даярбы” деген темада тегерек столдо оюн айтты. «Мен кечээ таштанды полигонуна барып

Кыргызстандын эмгек рыногунда кандай негизги үч көйгөй бар?

Өз маалыматтарынын негизинде жумуш издөө жана жалдоо боюнча HeadHunter Кыргызстан онлайн-платформасы эмгек рыногундагы үч негизги көйгөйдү аныктады. Талапкерлердин арасында талап кылынган квалификациянын жоктугу Учурда эмгек рыногунда квалификациялуу адистердин кескин жетишсиздиги байкалууда. Биринчи кезекте орто же орто атайын билими бар квалификациялуу жумушчулар жана жогорку техникалык билими бар квалификациялуу адистер жетишпейт. Көп

Экономика

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду 24 млн доллардык долбоорлорду ишке ашырмакчы

Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында жалпы суммасы 24 млн долларды түзгөн конкреттүү бизнес долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 10-ноябрда, Самаркандда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен болгон жолугушууда билдирди, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы. Өлкө лидерлери транспорт, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты. Жапаров

Аймактар боюнча көмүрдүн баасы белгиленди

Министрлер кабинетинин 2-ноябрдагы “КР аймактарында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында көмүрдүн жогорку баалары белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Стационардык пункттарда жана отун базаларында, ошондой жергиликтүү администрациялар тарабынан атайын бөлүнгөн жайларда сатылуучу Кыргызстанда чыккан көмүрдүн бааларынын жогорку чеги облустар, райондор,

Кыргызстанда эки күн электр энергиясы чектөө менен берилет - Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилүүдө

Кыргызстанда 10-11-ноябрда өлкө боюнча электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет, бирок бир сааттан ашык эмес, эртең мененки жана кечки убакта. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди. Айдаралиев чектөөлөр 11-ноябрда Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эртелете ишке киргизүү менен байланыштуу деп түшүндүрдү. «Агрегатты 15-ноябрда ишке киргизмекпиз.

2023-жылдын бюджетинде «капиталдык курулушка» 13 млрд сомго жакын каражат жетпейт - депутат

2023-жылы Кыргызстанда 500 объектинин курулушун бүтүрүү керек. Бардык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 16-17 млрд сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин жыйынында депутат Бактыбек Чойбеков билдирди. Анын айтымында, келерки жылы «капиталдык курулуш» пунктунда болгону 3 млрд сом каралган, демек, 13 млрд сомго жакын жетишпейт. Андыктан ал каржылоону 10 млрд

Бийлик

Президент менен жолугушуу, холдинг түзүү, күмбөз жана музейге сапар – Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 30-октябрдан 1-ноябрга чейин созулган жумушчу сапары аяктады. Кечээ өлкө башчысы Бишкекке кайтып келгенин президенттин маалымат кызматы билдирди. Сапардын алкагында Жапаров БАЭ президенти шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушуп, соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда кызматташуунун келечегин жана аны өнүктүрүүнү

Түрк тилдүү мамлекеттердин темир жол ведомстволору долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу топ түзүшөт

27-октябрда Ташкентте Түрк тилдүү мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын башчыларынын биринчи жолугушуусу өттү. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. Тараптар уюмдун темир жол администрацияларынын активдүү кызматташуусу боюнча маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Түрк тилдүү мамлекеттер