Коом
Аквакультура тармагында улуттук өндүрүш: Б.Төрөбаев BIOJEM заводуна барды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында жайгашкан BIOJEM компаниясынын өндүрүш процесси менен таанышты. BIOJEM — тузсуз аквакультура үчүн профессионалдык тоюттарды чыгарган улуттук өндүрүүчү. Кыргызстандагы бул багытта иш алып барган үч компаниянын бири болуп саналат жана заманбап экструзиондук жабдуулар менен