Энергетика
Ош шаарында “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди
Энергетика министрлиги Ош шаарынын Кең-Сай массивинде жайгашкан “Кең-Сай” көмөк чордонун пайдаланууга берди. Объект пландагы мөөнөтүнөн мурда бүткөрүлдү. Министрликтин маалыматына ылайык, ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын башкы директору И.Сыдыгалиев жана жергиликтүү тургундар катышты. Курулуш иштери “Кыргызстан улуттук электр тармагы”