Саясат
Жалал-Абадда 945 батирлүү “Асман Резиденс-4” турак жай комплекси ачылды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Мамлекеттик ипотекалык компания” тарабынан курулган “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Тогуз кабаттуу 12 блоктон турган комплекс Сузак районунун Ленин айылында жайгашкан. Анда 945 батир, 172 орундуу жер астындагы,