Транспорт
Lada Iskra автоунаасы сатыкка чыкты
Россиянын “АвтоВАЗ” заводу октябрда 200 миң Lada Iskra автоунаасын сатууну жана кийинки айларда андан да кыйла эсе көп сатууну көздөп жатканын РИА Новости агенттигине компаниянын президенти Максим Соколов айтып берди. “Автостат” агенттигинин билдирүүсү боюнча Lada Iskra үлгүсүндөгү жаңы автоунаанын алгачкы 21и июль айында сатылса, августта 13, сентябрда 94 унаа сатылган.