Экономика
Бажы кызматы 102,1 миллиард сом жыйнады
Мамлекеттик бажы кызматыныны коллегиялык жыйынында аталган мекеме 2025-жылдын үчүнчү кварталында республикалык бюджетке 102,1 миллиард сом түшүрүп, пландан 2,4 миллиард сомго көп акча топтогонун ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Коллегияда транзиттик көзөмөлдү жана электрондук документ жүгүртүүнү жеңилдеткен «Акылдуу бажы» улуттук платформасы ишке киргени айтылып, санариптештирүү реформаларына терең маани берилди.