Кыргызстандын комбанктары ипотекалык кредитти мамлекеттик кепилдик менен беришет
Кыргызстандын коммерциялык банктары ипотекалык насыяларды “Кепилдик фонд” ААКтын кепилдиги менен берет. Бул тууралуу кечээ, 13-сентябрда «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын (МИК) башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөнова тегерек столдо айтты. Анын айтымында, эгерде кыргызстандыктар алгачкы төлөмдү төгүүдөн кыйналса, мамлекеттик кепилдикке кайрылса болот. Бүгүнкү күндө баштапкы төлөм 10%дан (бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн) жеткиликтүү