Бюджеттин кирешеси жасалма көбөйтүлгөн – Башкы прокуратура иш козгоду
Башкы прокуратура Борбордук казыналыктын жана Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн 100% га жасалма көбөйткөн фактысын аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 2019-жылдын 31-декабрында жогоруда аталган бөлүмдөрдүн жооптуу кызматкерлери бюджеттин киреше бөлүгүн 100% га жасалма түрдө көбөйтүшкөн. Алар укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик