Назира Абдиева

Чек ара, кызматтан кеткен министрлер, Ташиев - Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Чек ара, кызматтан кеткен министрлер, Ташиев - Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр, Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси жана акыркы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Президенттин айтымында, Өзбекстан менен чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары КРга өткөнүн, айылдарда, тоолордо же түз жерлерде болобу, талаш жерлердин

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана курууга 50 млн долларлык келишим иштелип чыгат - ОКӨФ

Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана курууга 50 млн долларлык келишим иштелип чыгат - ОКӨФ

Орус-кыргыз инвестициялык форумдун жыйынтыгында 500 млн долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 20 документке кол коюлганын Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду билдирди. «Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн 50 млн долларга келишим иштелип чыгат. Келерки жылы аны ишке ашырууга киришебиз деп ишенем. Ошондой эле күн станцияларын куруу, темир жолго жогорку сапаттагы россиялык

Улуттук банк ФКУга Баткен жана Ош облустарында куралдуу кагылышууда жабыркагандардын кредиттерин кечүүнү сунуштады

Улуттук банк ФКУга Баткен жана Ош облустарында куралдуу кагылышууда жабыркагандардын кредиттерин кечүүнү сунуштады

Улуттук банк Башкармасы «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча КРнын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомун кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.  Аталган токтомго ылайык, коммерциялык банктарга, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына (ФКУ) Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында

Кувейт мамлекети берген 174 млн сомго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы бөлүмү ачылды

Гранттар жана кредиттер

Кувейт мамлекети берген 174 млн сомго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы бөлүмү ачылды

Кувейт мамлекети жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесинин каржылык колдоосу менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун отоларингология жана офтальмология бөлүмдөрү негизделген жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Оорукананын ачылыш аземине катышкан министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кувейт мамлекетине жана «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмесине жаңы имараттын курулушу

10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт

10-октябрдан тартып пенсия көбөйтүлгөн суммада берилип баштайт

10-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулайт жана пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулайт. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди. Көбөйтүлгөндөн кийин пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзүп, жыл башындагы көрсөткүчтөн 1988 сомго жогорулайт. Кыргызстанда 735 миң пенсионер бар. Жалпы пенсияны жогорулатуу үчүн 4 млрд 424

Мамлекет уюшкан кылмыштуу  топтун 5 премиум классындагы унааларын алып койду

Мамлекет уюшкан кылмыштуу топтун 5 премиум классындагы унааларын алып койду

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 млн сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынган. “Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес

Экономика

Дүйнөлүк банк: Кыргызстандын экономикасы элди жакырчылыктан коргоп калууга даяр эмес

Кыргызстандын экономикасы экономикалык соккуларга алсыз жана өлкө чарбаларын жакырчылыктан сактап калууга даяр эмес. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын КРдагы жакырчылыктын абалы боюнча акыркы талдоосунда айтылат. Ошондой эле баяндамада экономикалык өсүүнүн туруксуз булактары болуп эсептелген акча которуулар жана алтын казып алуу терс экономикалык сокку учурларында жакырчылык тобокелдиктерин күчөтөт деп айтылат. COVID-19 пандемиясына

Кыргызстан KOICA менен биргеликте 48 млн доллардык 10 долбоорду ишке ашырат

Кыргызстан KOICA менен биргеликте 48 млн доллардык 10 долбоорду ишке ашырат

Кыргызстан Корей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте 48 млн долларлык 10 долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев KOICAнын президенти Сон Хюк Санг мырза менен жолугушуусунда айтылды. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, санариптештирүү, саламаттыкты

Италиялык бизнесмендер Кыргызстандан кургатылган мөмө-жемиш, жаңгак жана бал импорттоого кызыкдар

Италиялык бизнесмендер Кыргызстандан кургатылган мөмө-жемиш, жаңгак жана бал импорттоого кызыкдар

Италиялык ишкерлер Кыргызстандын кургатылган жемиштерин, жаңгактарын жана балын импорттоого кызыкдар. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Бүгүн, 7-октябрда кыргызстандык жана италиялык өндүрүшчүлөрдүн жолугушуусу болуп өттү. Италиялык делегация менен айыл чарба тармагынын, гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ишканаларынын жетекчилери жолугушту. Коноктор КРнын энергетика тармагынын потенциалын жана гидроэнергетика тармагындагы мүмк

КР бизнес үчүн ыңгайсыз шарттарды жана жакырчылыкты канткенде жеңет — Дүйнөлүк банктын эксперттеринин пикири

Бизнес маек

КР бизнес үчүн ыңгайсыз шарттарды жана жакырчылыкты канткенде жеңет — Дүйнөлүк банктын эксперттеринин пикири

Кыргызстандын өкмөтү Дүйнөлүк банк тобу менен өткөргөн Бишкек экономикалык форумунда жакырчылыктын өсүшү, бизнес-чөйрөнүн начардыгы жана калктын миграциясынын көйгөйлөрүн талкуулашты. Economist.kg мамлекеттик кызматкерлер жана эксперттер талкуулаган негизги темаларды тизмектеди. Пандемиянын кесепеттери жана Украинадагы согуштун фонунда азык-түлүк бааларынын өсүшү жакырчылыкты күчөтүүдө Дүйнөлүк банктын жакырчылык жана теңдик боюнча глобалдык практикасынын жетекчиси Салман

Баткендеги үйсүз калган жарандар үйлөр салынгыча боз үй, чатырларда жашап турушат - Бакыт Төрөбаев

Баткендеги үйсүз калган жарандар үйлөр салынгыча боз үй, чатырларда жашап турушат - Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кечээ, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Баткендеги үйсүз калган жарандар, үйлөрү салынгыча боз үй, чатырларда жашап турушарын айтты. Жыйында депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусунда курула турган үйлөрдү курууга тендерди кайсы компания утту деген суроосун салды. Төрөбаев кайсы компания утканынан кабары жок экенин билдирди. “Кайсы

Жогорку Кеңеш жаңы дайындалып жаткан төрт министрдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш жаңы дайындалып жаткан төрт министрдин талапкерлигин колдоду

Кечээ, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министринин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министринин, Транспорт жана коммуникациялар министринин, Энергетика министринин кызмат ордуна сунушталган талапкерлерди дайындоого макулдук берди. Жыйында талапкерлер тууралуу баяндама жасаган президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Билим берүү жана илим