Назира Абдиева

Туроператорлорго 2-4%дык салык ченин киргизүү сунушталууда

Туроператорлорго 2-4%дык салык ченин киргизүү сунушталууда

Туроператорлор үчүн накталай берилген акчага 4% жана накталай эмес төлөмдөргө 2% ставка менен салык салуунун артыкчылыктарын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директору Елена Калашникова айтып берди. “Салык реформасы жана анын КРдагы ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири” деп аталган улуттук форумда ал Кыргызстандагы туроператорлордун кирешеси кандай булактардан турарын айтып берди: «Туризм туристтерден киреше

Жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын кирешеси 9.5 млрд сомдон ашты

Жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын кирешеси 9.5 млрд сомдон ашты

Жыл башынан бери мамлекеттик ишканалардын кирешеси 9.5 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору Мирлан Бакиров билдирди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдын ала эсептөөлөрү боюнча, 2022-жылдын 9 айында мамлекеттик ишканалардын таза кирешеси 1.3 млрд

USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сом каражат бөлдү

Гранттар жана кредиттер

USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сом каражат бөлдү

USAID Баткендеги жер которгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 млн сомдон ашык акча бөлдү. Бул тууралуу АКШнын КРдагы Элчилигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) бөлүп берген каражат (100 миң АКШ доллары) Баткен облусунда жер которгон 400дөй үй-бүлөгө берилет. Бул каражаттар Баткен облусундагы чек ара

Салык кызматы: салык төлөбөй батир ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдириңиз

Салык кызматы: салык төлөбөй батир ижарага бергендер тууралуу фактыларды билдириңиз

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар КРнын салык мыйзамдарына ылайык, салык төлөөгө тийиш экендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт. Кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы) же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Ушуга байланыштуу МСК мүлктү ижарага берген жарандарды

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд сом бөлүндү - бирок КР кышка карата коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттойт

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд сом бөлүндү - бирок КР кышка карата коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттойт

Үстүбүздөгү жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров экономика тармактары менен калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде айтты. Жыйындын жүрүшүндө Жапаров Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, министрликтин алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгиледи.  “Үстүбүздөгү

МСК тогуз айда 148 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

МСК тогуз айда 148 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Салык кызматы 9 айда 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кыматы билдирди. 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 148 млрд 125 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44.3 млрд сомго көп. Анын ичинде 111 млрд 755.4

Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда - президенттин кабарчысы

Садыр Жапаров Өзгөндө жабык түрдө эл менен жолугушууда - президенттин кабарчысы

Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын өкүлү Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, сыртта батпай калган элди экинчи этап менен киргизишип, суроолорго жооп берилет. “Ал эми

Президент «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча Өзгөндө эл менен жолугушууда - активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылууда

Президент «Кемпир-Абад» суу сактагычы боюнча Өзгөндө эл менен жолугушууда - активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылууда

Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүүдө. Жолугушуу жабык өтүп, ага кирген активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылууда. Бул тууралуу “Бибиси” билдирди.  Аталган портал Өзгөнгө президент менен жолугушууга келген эл көп болгондуктан көбү акимиаттагы жыйындар залына батпай, сыртта калышканын, андыктан чогулгандар президенттие сыртка чыгуусун

Марттан бери Кыргызстанга Россия, Беларусь жана КМШ өлкөлөрүнөн 50дөн ашык IT-компаниялар келишти

Бизнес

Марттан бери Кыргызстанга Россия, Беларусь жана КМШ өлкөлөрүнөн 50дөн ашык IT-компаниялар келишти

Кыргызстанга Россиянын IT тармагынан келгендер көп болууда. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров Economist.kg сайтына берген комментарийинде билдирди. Анын айтымында, март айынан бери Жогорку технологиялар паркында Россия, Беларусь жана КМШ мамлекеттеринен 50дөн ашык компания жана жеке ишкерлер катталган. «Кээ бирлери үй-бүлөсү менен, кээ бирлери кызматкерлери менен

Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралат

Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралат

Финансы министрлиги Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү үчүн “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 3 млрд сом суммасында көбөйтүүнү карады. Министрликтин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, каражаттар Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштардын натыйжасында бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү бою

Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, негизсиз секирүүлөр жок - Экономика министрлиги

Учурда социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, негизсиз секирүүлөр жок - Экономика министрлиги

Учурда республикада социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу, баалардын негизсиз секирүүлөрү жок. Социалдык маанидеги товарлардын запасы жетиштүү, керектөөчүлөр тарабынан толкундануу жок. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Социалдык маанидеги товарлардын рыноктору – бааларды мамлекеттик катуу жөнгө салууну камсыз кылбаган атаандаштык рыноктор. Аталган министрлик кээ бир социалдык маанилүү товарлардын баасынын өсүшү жылына 20%ды

Тамчыга Россиядан эки чартердик аба каттамы ачылды

Тамчыга Россиядан эки чартердик аба каттамы ачылды

Ысык-Көлгө Россиянын эки шаарынан чартердик каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди. “Россиянын Nordwind Airlines авиакомпаниясы 2022-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлгө чартердик каттамдарды ачты. Учурда Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын – жумасына 7 жолу – аткарылууда“, – дейт «МЭА» ААК. Айтылган авиакомпаниянын учактары Тамчыга Санкт-Петербург шаарынан да каттап