Уулжан Бейшенбекова

Садыр Жапаров ШКУдагы коопсуздук кызматташтыгын күчөтүүгө чакырды

Саясат

Садыр Жапаров ШКУдагы коопсуздук кызматташтыгын күчөтүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлери менен болгон жолугушууда заманбап коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгын билдирди. Жыйында маалыматтык коопсуздук, киберкоркунучтарга каршы күрөш жана санариптик технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктар талкууланды. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө кылмыштуу топтор жасалма интеллектти, киберчабуулдарды жана мыйзамсыз

Кыргызстан менен Беларусь ишкерлер кеңешин түзүүнү макулдашты

Экономика

Кыргызстан менен Беларусь ишкерлер кеңешин түзүүнү макулдашты

Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Кыргызстан–Беларусь” эл аралык экономикалык кызматташтык форумуна Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин катышты. Эки өлкөдөн 150гө жакын бизнес өкүлдөрү катышып жаткан форумдун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу

Түнкү кардан кийин Балыкчы – Нарын – Торугарт жолу тазаланууда

Коом

Түнкү кардан кийин Балыкчы – Нарын – Торугарт жолу тазаланууда

Балыкчы – Нарын – Торугарт унаа жолунун 445–544-чакырым аралыгына түндө кар жаап, кардын калыңдыгы 25–35 сантиметрге чейин жетти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, учурда жолду кардан тазалоо иштерине атайын техникалар тартылып, тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жатканын эскертип,

ШКУ жыйыны: Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын чыңдоону сунуштады

Экономика

ШКУ жыйыны: Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын чыңдоону сунуштады

5-июнда Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмеси өтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюштурулуп, өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана мамлекеттер ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого багытталган. Кеңешмеге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштады

Коом

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштады

Кыргыз темир жолу бүгүнтөн тарта Бишкек-2 — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди кайрадан каттай баштаганын билдирди. Маалыматка ылайык, поезддин жүрүшү жайкы эс алуу мезгилинде жарандарга жана өлкө конокторуна Ысык-Көлгө ыңгайлуу жана коопсуз жетүүгө шарт түзөт. Каттамдын иш тартиби: 5-июндан 21-июнга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Саясат

Санкциялык саясат боюнча президенттин атайын өкүлү дайындалды

Президенти Садыр Жапаров “Экономика жана коммерция министрин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Бакыт Сыдыков санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди азайтуу маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Ал бул кызматты экономика жана коммерция министри кызматын айкалыштыруу менен аркалайт. Документке ылайык, Бакыт

Кыргызстан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө басым жасоодо

Экономика

Кыргызстан биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө басым жасоодо

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун расмий ачылышына катышып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү жана аймактык кызматташтык тууралуу баяндама жасады. Ал Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык өсүштүн жогорку көрсөткүчтөрүнө жетишкенин белгилеп, өлкөнүн форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусу өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Анын айтымында,

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Коом

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында жаңы поликлиника курулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июнда мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда медициналык мекемелерди куруу боюнча келишимге кол коюлду. Демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария өкмөтү каржылаган «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

Саясат

Марлен Маматалиев ЕКПАнын баяндамачысын кабыл алды

4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Кыргызстандагы баяндамачысы Мариетта Караманли менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын алакаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан Европа кеңеши менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, өлкөдө

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруудагы маселелер талкууланды

Коом

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруудагы маселелер талкууланды

4-июнда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Манас шаарында өткөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” эл аралык темир жолун куруу маселелерине байланышкан жыйынга катышты. Көчмө жыйында Жалал-Абад облусу аркылуу өтө турган темир жолдун  жеринде жайгашкан турак жай ээлерине кенемте төлөө жана жер тилке маселелери

Александр Турчин расмий сапары менен Бишкекке келди

Саясат

Александр Турчин расмий сапары менен Бишкекке келди

Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин 4-июнда расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды. Сапардын алкагында Александр Турчин Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө. Ошондой эле премьер-министр ишканаларды кыдырып, кыргыз-

Интернетти өзгөчө кырдаалда чектөө боюнча мыйзам долбоору үч окуудан өттү

Коом

Интернетти өзгөчө кырдаалда чектөө боюнча мыйзам долбоору үч окуудан өттү

4-июнда Жогорку Кеңеш Санарип кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Документке ылайык, мамлекет өзгөчө кырдаалдарда, согуштук шартта же улуттук коопсуздукка коркунуч жаралган учурда интернетти жана байланыш кызматтарын убактылуу чектөөгө укук алат. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Кубанычбек Самаков интернет өчүрүлгөн шартта жарандарды эвакуациялоо