Финансы министрлигине Социалдык фондго 3 млрд 83 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди - 1-октябрдан пенсия көтөрүлөт
Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсиянын өлчөмү көбөйөт. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети 9-сентябрдагы токтомго ылайык кабыл алды. Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо үчүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүн 3170 сом өлчөмүндө белгилөө чечими кабыл алынды. Ошондой эле, 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо коэффициенти