акыркы жаңылыктар

Кыргызстан алты айда 19,9 миң тоннадан ашык сүт продукциясын экспорттоду

Экономика

Кыргызстан алты айда 19,9 миң тоннадан ашык сүт продукциясын экспорттоду

2026-жылдын алгачкы алты айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана үчүнчү мамлекеттерге сүт жана бал продукцияларын экспорттоону активдүү улантты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Отчеттук мезгилде өлкөдөн жалпысынан 19 915,55 тонна сүт продукциясы экспорттолду. Анын ичинде 2 339 тонна балмуздак,

Айгерим Качкынбекова
Саммитке карата Бишкекте шаардык инфраструктура жаңыланууда

Коом

Саммитке карата Бишкекте шаардык инфраструктура жаңыланууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада реконструкцияланып жаткан объектилерди жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине даярдыктын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди жеринде текшерди. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, көчмө жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы реконструкцияланып жаткан көчөлөрдөгү иштердин жүрүшү менен таанышып, жол инфраструктурасын жаңылоо менен катар аймактарды сапаттуу жашылдандырууну, имараттардын фасаддарын жана расмий

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган учурлар 38,3%га кыскарды

Коом

Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузган учурлар 38,3%га кыскарды

2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда эмгек мыйзамдарын бузуу боюнча 723 факт аныкталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 1 миң 172 мыйзам бузуу катталган. Натыйжада мыйзам бузуу фактыларынын саны 449 учурга, же 38,3%га кыскарган. Ошондой эле иш

Уулжан Бейшенбекова
Жумгалдагы курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды

Коом

Жумгалдагы курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринде мыйзам талаптарынын сакталышына туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Көзөмөл иш-чараларынын алкагында Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында курулуп жаткан суткалык жөнгө салуу бассейнинин (БСР) курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө

Айгерим Качкынбекова
Юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салган жаңы мыйзам кабыл алынды

Коом

Юридикалык өкүлдөрдүн ишин жөнгө салган жаңы мыйзам кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров юридикалык өкүлчүлүк маселелерине байланыштуу мыйзамга кол койду. Документ юридикалык өкүлдөрдүн ишмердүүлүгүн бирдиктүү тартипке келтирип, жарандар менен юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү укуктук жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган. Жаңы мыйзамга ылайык, юридикалык өкүлдөрдүн расмий реестри түзүлүп, алардын билимине, квалификациясына жана кесиптик даярдыгына бирдиктүү талаптар киргизилет.  Ошондой эле юридикалык өкүлдүн макамын алуу,

Сапар Акунбеков
Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Транспорт

Бишкек мэриясы коомдук транспортту пайдаланууга чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун күнүмдүк каттамдарда коомдук транспортту пайдаланууга чакырат. Бүгүнкү күндө коомдук транспорт жеке автоунаага караганда үнөмдүү жана ыңгайлуу альтернатива болуп саналат. Ал күйүүчү майга, техникалык тейлөөгө жана унаа токтотууга кеткен чыгымдарды азайтып, шаар ичиндеги жүрүүнү жеңилдетет. Акыркы жылдары борбор калаада муниципалдык автобустардын паркы жаңыланып,

Айгерим Качкынбекова
Экологиялык талаптарды бузган жарандарга айып пул салынды

Коом

Экологиялык талаптарды бузган жарандарга айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан экологиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бишкек шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо жана абанын булганышын алдын алуу

Айгерим Качкынбекова
Wildberries маселесинен кийин тигүүчүлөргө 5 айлык салык каникулу берилди

Экономика

Wildberries маселесинен кийин тигүүчүлөргө 5 айлык салык каникулу берилди

Россиядагы Wildberries маркетплейсинин кампаларына жасалган учкучсуз учактардын чабуулдарынан кийин Кыргызстандын тигүү тармагында жаралган кыйынчылыктарга байланыштуу жергиликтүү тигүүчүлөргө 5 айлык салык каникулу берилди. Маалыматка ылайык, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы 18-июлдагы окуядан кийин WhatsApp аркылуу атайын топ түзүп, ага өлкө боюнча миңден ашуун тигүүчүнү бириктирген. Андан соң ишкерлердин көйгөйлөрүн эске алуу өтүнүчү

Ишкер Media
Жол курууда мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Транспорт

Жол курууда мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген

Башкы прокуратура тарабынан жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ири өлчөмдөгү мыйзам бузуулар аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, текшерүүдө №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын, ошондой эле "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары Ак-Суу районундагы Жыргалаң лыжа базасына баруучу жолду куруу жана

Айгерим Качкынбекова
Ошто уруксатсыз курулуш жүргүзгөн компания 200 миң сомго айыпка жыгылды

Ошто уруксатсыз курулуш жүргүзгөн компания 200 миң сомго айыпка жыгылды

Ош шаарында мыйзамсыз курулуш иштери аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүү иштерин Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин шаардык башкармалыгы жүргүзгөн. Текшерүүдө Керме-Тоо кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу турак жайдын курулушунда жер казуу жана пайдубалын тургузуу иштери уруксат

Уулжан Бейшенбекова
Ат-Башыдагы таштанды полигону жабылып, башка жерге көчүрүлөт

Коом

Ат-Башыдагы таштанды полигону жабылып, башка жерге көчүрүлөт

Ат-Башы районунун аймагындагы бардык таштанды полигондорун экологиялык талаптарга ылайык тартипке келтирүү боюнча кеңири иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук админстрациядан билдиришти. Маалыматка таянсак, жыл соңуна чейин бардык полигондордо рекультивация иштери жүргүзүлүп, жол боюнда жайгашкан Кара-Суу, Кара-Булуң, Ак-Жар, Ача-Кайыңды жана башка таштанды жайлары жабылып, жаңы белгиленген

Сапар Акунбеков
Балыкчыда экспортко жөнөтүлүүчү жүктөр зыянсыздандырылууда

Экономика

Балыкчыда экспортко жөнөтүлүүчү жүктөр зыянсыздандырылууда

Балыкчы шаарындагы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын филиалында Европа өлкөлөрүнө экспорттолуучу жүктөр үчүн колдонулуучу контейнерлерди жана жыгач таңгактарды фитосанитардык зыянсыздандыруу (фумигация) иштери жүргүзүлүүдө. Фумигация иш-чаралары экспорттук жүктөр аркылуу карантиндик зыяндуу организмдердин жайылышына жол бербөө, импорттоочу өлкөлөрдүн фитосанитардык талаптарын аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында

Айгерим Качкынбекова