Чүй облусунун башчысы депутаттарды өз чөнтөгүнөн каражат бөлүп, сугат маселесин чечүүгө чакырды
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдин айтымында, акыркы 30 жылда сугат системасы талкаланган. Анын берген маалыматына ылайык, бир суу кудугун калыбына келтирүү үчүн 115 миң сомдон 150 миң сомго чейин каражат талап кылынат. Ал өз каражатынан бир канча суу арыгын калыбына келтирген жана депутаттарды да бул ишке салым