акыркы жаңылыктар

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Банктар

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Ишкер Media
Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Экономика

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ишкер Media
Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Коом

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын

Айгерим Качкынбекова
Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Саясат

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты. Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө

Айгерим Качкынбекова
Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Саясат

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Айгерим Качкынбекова
Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Транспорт

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам

Айгерим Качкынбекова
Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Транспорт

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Айгерим Качкынбекова
Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы

Айгерим Качкынбекова
Мэр мыйзам бузган аялдама комплексинин ишин токтотууну тапшырды

Коом

Мэр мыйзам бузган аялдама комплексинин ишин токтотууну тапшырды

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, шаардагы бир катар объектилерди кыдыруудан кийин калаа башчысы коомдук транспорттун аялдама комплекстеринин бирине күтүүсүз текшерүү жүргүзгөн. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аялдаманын жүргүнчүлөрдү күндүн ысыгынан жана жаан-чачындан коргоо үчүн каралган бөлүгү толугу менен коммерциялык максатта пайдаланылып жатканы аныкталган. Мындан улам жүргүнчүлөр коомдук транспортту күтүүгө ылайыктуу

Айгерим Качкынбекова
Өлкө башчылары Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананы ачышты

Саясат

Өлкө башчылары Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананы ачышты

Күн мурун президент Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын расмий ачылыш аземине катышты. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчылары мейманкананын негизги инфраструктуралык объектилерин көрүп чыгып, жайгаштыруу шарттары, функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана ишкердик, маданий, ден

Айгерим Качкынбекова
Түндүк айланма жолундагы эстакадалык көпүрөнүн үстүңкү бөлүгү ачылды

Транспорт

Түндүк айланма жолундагы эстакадалык көпүрөнүн үстүңкү бөлүгү ачылды

Курманжан Датка көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде курулган жаңы эстакадалык көпүрө унаа агымынын үзгүлтүксүз жана тыгынсыз жүрүшүн камсыздоо максатында үстүңкү бөлүгү асфальтталып, унаалар үчүн эки тараптуу кыймыл берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы жол түйүнү Бишкектен Ысык-Көл жана Нарын облустарына каттамды кыйла жеңилдетүүгө

Сапар Акунбеков
Кыргызстан менен Азербайжан Өнүктүрүү фондунун капиталын 200 млн долларга көбөйттү

Саясат

Кыргызстан менен Азербайжан Өнүктүрүү фондунун капиталын 200 млн долларга көбөйттү

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган эки маанилүү документке кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Алардын бири — 2022-жылдын 11-октябрында түзүлгөн Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу Экинчи кошумча макулдашуу. Ага ылайык, Фонддун уставдык капиталы

Айгерим Качкынбекова