акыркы жаңылыктар

Суусамырдагы алтыганадан биожем өндүрүү пландалууда

Коом

Суусамырдагы алтыганадан биожем өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда алтыгана баскан жайыттардын экологиялык функцияларын жакшыртуу жана алардын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга багытталган илимий-тажрыйбалык долбоор ишке ашырылууда. Долбоордун негизги максаты – деградацияга учураган жайыт экосистемаларын калыбына келтирүү, мал чарбачылыгын сапаттуу тоют менен камсыздоону жакшыртуу жана малчылардын кирешесин көбөйтүү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, соңку жылдары Суусамыр

Сапар Акунбеков
130 жогорку класстын окуучусу Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебин бүтүрүштү

130 жогорку класстын окуучусу Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебин бүтүрүштү

Яндекс Кыргызстандын программалоо мектебинде окуу жылы жыйынтыкталды. Бишкек, Каракол жана Кербенден келген 130 өспүрүм программалоонун негиздери боюнча акысыз курстан өтүштү. Алар алган билим эми IT-инженерия жана илимий багытта андан ары окуусу үчүн негиз боло алат. Жыл бою 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр программалоонун негизги тилдеринин бири болгон Pythonду,

Ишкер Media
Улуттук банк мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайларга чара көрдү

Банктар

Улуттук банк мыйзам бузган акча алмаштыруучу жайларга чара көрдү

Өткөн аптада мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын нормативдик укуктук актыларын бузган учурлар боюнча бир катар таасир этүүчү чаралар кабыл алынды. Улуттук банк жарыялаган расмий маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда жайгашкан бир акча алмаштыруу бюросуна мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле Бишкек шаарында лицензиясы

Уулжан Бейшенбекова
Караколдо мыйзамсыз курулган объект буздурулду

Коом

Караколдо мыйзамсыз курулган объект буздурулду

Башкы прокуратура тарабынан президенттин "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү улантылууда. Бул тууралуу көзөмөл органынан билдиришти. Маалыматка ылайык, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө, Каракол шаарында айыл чарба багытындагы 450 чарчы метр жер тилкесине укук ырастоочу жана

Сапар Акунбеков
Балыкчыда шаардык казынанын кирешеси 250 млн сомго жетти

Экономика

Балыкчыда шаардык казынанын кирешеси 250 млн сомго жетти

Алгачкы 6 айдын жыйынтыгында Балыкчынын шаардык казынадагы кирешеси 181 млн сомдон 250 млн сомго чейин өстү. Бул тууралуу калаа мэриясынын өнүгүү отчетунда көрсөтүлдү. Маалыматка ылайык, коопсуздукту күчөтүү максатында 13 мектепке жана 6 бала бакчага жаңы видеокөзөмөл камералары орнотулуп, алар "Коопсуз шаар" тутумуна кошулду. Ошондой эле "Санарип Аймак&

Уулжан Бейшенбекова
Соң-Көлдөн синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды

Коом

Соң-Көлдөн синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү “Кара-Тал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүндө эки күндүк рейддик иш-чара өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө жалпы узундугу 6 250 метрди түзгөн мыйзамсыз салынган эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып чыкты. Жаратылыш

Сапар Акунбеков
Оштогу Масалиев, Шамшиев көчөлөрүнүн бир тарабы убактылуу жабылды

Транспорт

Оштогу Масалиев, Шамшиев көчөлөрүнүн бир тарабы убактылуу жабылды

Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүнүн Ж.Шамшиев көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн бир тарабы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жабылган тилкеде жол коопсуздугун сактоону жана мүмкүн болгон учурда альтернативдүү багыттарды колдонууну өтүнөбүз. Ош

Сапар Акунбеков
Соң-Көлдө мыйзамсыз жүргөн автоунааларга 66 миң сом айып салынды

Коом

Соң-Көлдө мыйзамсыз жүргөн автоунааларга 66 миң сом айып салынды

Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча рейддик иш-чара өткөрүлүп, анын жүрүшүндө мыйзам талаптарын одоно бузган 12 учур аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, жалпы суммасы 66 миң сом айып пул

Айгерим Качкынбекова
Мыйзамсыз алынып келинген жыгач өлкөгө киргизилген жок

Коом

Мыйзамсыз алынып келинген жыгач өлкөгө киргизилген жок

Чүй облусундагы “Чалдыбар” фитосанитардык текшерүү постунан Россия Федерациясынан импорттолуп келген эки автоунаадагы жалпы көлөмү 90 м³ пиломатериал өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар менен жүктү коштогон документтердеги маалыматтардын дал келбегени аныкталды. Ошого байланыштуу жүк артка кайтарылды. Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана

Сапар Акунбеков
Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Коом

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка таянсак,

Сапар Акунбеков
Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Коом

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

Сапар Акунбеков
АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

Коом

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Сапар Акунбеков