акыркы жаңылыктар

Wildberries кампаларындагы окуя: Кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда

Бизнес

Wildberries кампаларындагы окуя: Кыргызстандык ишкерлердин чыгымы бааланууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков 21-июлда Кыргыз Республикасындагы Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү А. Воробьев менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда 18-июлга караган түнү Москва облусунун Электросталь жана Тамбов облусунун Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык борборлоруна учкучсуз учуучу аппараттар менен жасалган чабуулдун кесепеттери талкууланды. Окуядан кампаларда

Айгерим Качкынбекова
Жайыл районунун Сары-Коо айылынын башчысы кармалды

Коом

Жайыл районунун Сары-Коо айылынын башчысы кармалды

Чүйдүн Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Шектүү жеке ишкер тарабынан кызмат көрсөтүү боюнча жасалма келишимди колдонуп, ири суммадагы акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган. Натыйжада, мамлекеттик бюджетке зыян келтирген. Ага карата кылмыш

Сапар Акунбеков
Чүйдө өрттөнгөн клубга 1,4 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди

Коом

Чүйдө өрттөнгөн клубга 1,4 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Полтавка айылындагы өрттөнүп кеткен жайкы клуб үчүн 1 млн 408 миң 954 сом камсыздандыруу төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди. Маалыматка ылайык, жайкы клуб кыска туташуунун кесепетинен толугу менен күйүп кеткен. Объект 2024-жылдын 18-июнунда ыктыярдуу камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандырылган. Өрт боюнча материалдар

Айгерим Качкынбекова
Энергетика министрлиги: Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азайды

Энергетика

Энергетика министрлиги: Кыргызстанда электр энергиясын керектөө азайды

Кыргызстанда өткөн суткада электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт/саатты түздү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурунку күндөргө салыштырмалуу электр энергиясын керектөө көлөмүнүн төмөндөгөнүн көрсөтөт. 2026-жылдын 22-июлуна карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган

Айгерим Качкынбекова
Соттуулугу жоюлган жарандар мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт

Коом

Соттуулугу жоюлган жарандар мамлекеттик кызматка кабыл алынбайт

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева маалыматтык жыйында, мамлекеттик кызматка талапкердин соттуулугу жоюлган же алынганына карабастан, ал тууралуу маалымат милдеттүү түрдө эске алынарын белгиледи. 2024-жылдын 31-декабрындагы мыйзамга ылайык, мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы кылмыш иши козголгон адам,

Сапар Акунбеков
"Унаа" программасы боюнча 296 жаранга кепилдик берилди

Экономика

"Унаа" программасы боюнча 296 жаранга кепилдик берилди

"Кепилдик фонд" ААКсынын "Унаа" кепилдик продуктусу мамлекеттик жеңилдетилген автокредиттөө программасынын катышуучулары арасында суроо-талапка ээ болууда. Фонддун маалыматына ылайык, программа ишке киргенден бери жарандарга жалпысынан 296 кепилдик берилген. Анын ичинен 142 кепилдик же жалпы көлөмдүн дээрлик жарымы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында таризделген. "Унаа"

Айгерим Качкынбекова
Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу сел агындыларынан тазаланды

Транспорт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу сел агындыларынан тазаланды

Ысык-Көлдө Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун Конкино айылынын тушунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жабыркаган тилкеси калыбына келтирилип, жол эки тараптуу ачылды. ӨКМдин маалыматына ылайык, 22-июлга караган түнү саат 03:50 чамасында жааган нөшөрдөн улам арыктарга суу батпай, жолдун 207-208-чакырымдарынын ортосундагы болжол менен 10 метр тилкени суу

Сапар Акунбеков
Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары дайындалды

Саясат

Ноокат районунун акиминин биринчи орун басары дайындалды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык, 23-июлдан тарта Чолпон Абдыкалыкова Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары кызматына дайындалды.  Жаңы дайындалган жетекчи Ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо, аймактагы реформаларды ишке ашыруу жана калктын турмуш-шартын жакшыртуу багытында жигердүү иш алып бармакчы.  Чолпон Абдыкалыкова буга чейин Чаткал районунун акиминин биринчи

Сапар Акунбеков
Кыргыз-өзбек бизнес форуму өткөрүлдү

Бизнес

Кыргыз-өзбек бизнес форуму өткөрүлдү

22-июлда Ош шаарындагы “Jannat Resort”мейманканасында Кыргызстанменен Өзбекстандын ишкерлеринин бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, форумду Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев ачып, форумдун ишине ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тилектеш экенин билдирди.

Сапар Акунбеков
“Каркыра – Автожол” өткөрүү пунктунун иштөө убактысы узартылды

Коом

“Каркыра – Автожол” өткөрүү пунктунун иштөө убактысы узартылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра-Автожол” өткөрүү пунктунун иштөө убактысы узартылды.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, мындай чечим казак тарап менен биргелешип иштөөнүн жыйынтыгында кабыл алынды. Жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшүнө байланыштуу жана жайкы туристтик мезгилде мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 2026-жылдын 21-июлунан 31-августуна

Сапар Акунбеков
Кыргызстандын текстиль өндүрүүчүлөрү Өзбекстандын рыногуна чыгууда

Экономика

Кыргызстандын текстиль өндүрүүчүлөрү Өзбекстандын рыногуна чыгууда

Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагынын өкүлдөрү "Экспорттук акселерация" программасынын алкагында Өзбекстанда өтүп жаткан үч күндүк бизнес-миссияга катышууда. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чараны Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү, "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемеси жана Текстилди өнүктүрүү борбору уюштурган. Бизнес-миссияга экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө кызыкдар болгон

Айгерим Качкынбекова
Бишкек мэри "Мадина" базарынын соодагерлери менен жолукту

Бизнес

Бишкек мэри "Мадина" базарынын соодагерлери менен жолукту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев "Мадина" базарынын соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугушуп, объектти алдыда күтүлүп жаткан реконструкциялоо иштерин талкуулады. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда 2026-жылдын 1-августунан тарта базарды реконструкциялоо планы каралды. Бул иштер борбор калааны көрктөндүрүү жана шаардык чөйрөнү өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүлөт. Муниципалитет ишкерлерге базардын айланасында

Айгерим Качкынбекова