Коом
Кыргызстан ТМУ өлкөлөрү менен киберкылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт
Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөр менен киберкылмыштуулукка, трансулуттук баңгизат кылмыштуулугуна каршы күрөшүү жана кылмыштуу активдерди кайтаруу багыттарында кызматташууну күчөтөт. Бул маселелер Казакстандын Түркстан шаарында өткөн ТМУга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Кеңешинин 5-жыйынында талкууланды. Жыйынга Кыргызстандын Башкы прокурорунун орун басары — Аскер прокурору К.К. Байдылдаев катышты. Башкы прокуратуранын