Экономика
Кыргызстанда 950 миң бала жакырчылык деңгээлинде жашайт
Кыргызстанда калктын жакырчылык деңгээли өтө жай төмөндөп жатат. Бул тууралуу депутаттык "Элдик" жана "Ала-Тоо" топторунун биргелешкен жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди. "Элдик" тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев депутаттар Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча мыйзамдардын аткарылышын талкуулоо үчүн чакырганын белгиледи. Анын