Экономика
Кыргызстандыктар 2025-жылы киберкылмыштан 82 млн сомдон ашуун чыгымга учурашты
2025-жылы Кыргызстанда жарандар киберкылмышкерлердин курмандыгына кабылып, жалпы чыгым 82 млн 600 миң сомдон ашкан. Бул тууралуу ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлдөрү бүгүн Улуттук банк менен биргеликте өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө билдиришти. ИИМ өкүлдөрүнүн айтымында, болжол менен келтирилген зыяндын жарымын - 42 млн 145 миң сомун кылмыштын изи сууй электе