Кыймылсыз мүлк
Бишкекте 35 млн сомго Россия-Кыргызстан биргелешкен мектеби курулат
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкекте курула турган мектептин долбоору менен таанышканын МинКабдин маалымат кызматы билдирди. Маалымат кызматынын билдиришинче Кыргызстанда биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары боюнча макулдашууларды ишке ашыруу максатында 9 жер участогу аныкталган. Адылбек Касымалиев менен Алексей