Коом
Жөлөк пул алгандардын саны 152,9 миң адамга кыскарды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде социалдык өнүгүүнүн учурдагы абалын талдоо жана мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу чараларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөлөрүндөгү абалды талдоо мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү жана кечиктирилгис чараларды талап