акыркы жаңылыктар

Кыргызстанда 254 миңден ашуун жаран өзүнө-өзү кредит алууга тыюу салды

Банктар

Кыргызстанда 254 миңден ашуун жаран өзүнө-өзү кредит алууга тыюу салды

2025-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 17-апрелине чейинки мезгил аралыгында 254 190 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматын иштетти. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Кыргызстанда 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу механизми иштей баштаган.

Ишкерлердин жеңилдетилген насыяларга жетүүсү эмнеге кыйын? – эксперттен жооп

Экономика

Ишкерлердин жеңилдетилген насыяларга жетүүсү эмнеге кыйын? – эксперттен жооп

Кыргызстанда акыркы жылдары бизнеске колдоо саясаты күчөтүлүп, анын ичинде айыл чарбасын насыялоо кеңейтилип, тигүү тармагын каржылоо да башталган. Бирок ишкерлердин айтымында, жеңилдетилген насыяларга жетүү дагы деле кыйын бойдон калып жатканын экономикалык эксперт Мухтар Жумалиев радио эфиринде билдирди. Анын сөзүнө караганда, чакан жана орто бизнес үчүн негизги көйгөй — каржылоого жетүүнүн чектелиши.

Кыргызстанга  90дон ашык турист поезд менен келди

Коом

Кыргызстанга 90дон ашык турист поезд менен келди

Бүгүн, 17-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына Англиянын «GOLDEN EAGLE TRAINS» компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Поезд менен Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Чыгыш Азиядан туристтер келишти. Бул тууралуу  “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти. Маалыматка таянсак, “Кыргыз Темир жолу” ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Экономика

Кыргызстандык ишкерлер Вашингтондогу инвестициялык форумга катышат

Америкалык соода палатасынын иши алкагында Кыргызстандан бизнес-делегация түзүлүп, АКШнын Вашингтон шаарында 3–6-май күндөрү өтө турган ири инвестициялык форум — SelectUSA Investment Summitга катышат. Бул тууралуу Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Алтынай Асанова 16-апрелде радио эфиринде билдирди. Анын айтымында, форум АКШнын Соода министрлиги тарабынан уюштурулуп, АКШнын 50 штатынын

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Экономика

Кыргызстанда жыл башынан бери суусундук өндүрүү 34,5%га өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча тамак-аш жана суусундук өндүрүшү олуттуу өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитети маалыматына ылайык, тамак-аш продуктыларын, суусундуктарды жана тамекини кайра иштетүүнүн жалпы көлөмү 25 млрд 617,1 млн сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,9% өсүштү көрсөтөт. Негизги көрсөткүчтөр: * Тамак-

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Коом

Өлүмгө чейин жеткирген "Алдамчылык" фактысы боюнча жаран кармалды

Жумгал районунда "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран колго түштү. Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жумгал районунун Байзак айылынын тургуну, 1998-жылы туулган жаран өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып каза болгон факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Экономика

Россия Кыргызстандагы балык тоютуна нөлдүк КНС киргизилгенине нааразы

Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 10-мартта Евразия экономикалык комиссиясына расмий кайрылуу жолдогону ЕАЭБ порталында жарыяланган. Россия тараптын пикиринде, Кыргызстанда айыл чарба балыктары үчүн тоюттарга карата кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча артыкчылыктуу шарт түзүлгөн. Тактап айтканда, жергиликтүү өндүрүштөгү тоюттар үчүн башка ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген продукцияга салыштырмалуу жеңилдик берилген деп эсептелүүдө. Маалыматка

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Саясат

Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакожоев дайындалды

Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэри болуп Жакыпбек Субакжоев  дайындалды. Ж.Субакожоев буга чейин Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат районунун акими болуп иштеген. Эске салсак, Шопоков шаарынын мэринин милдетин Абдимиталип уулу Абдинасир аткарып келе жаткан. Шопоков шаары Сокулук районуна караштуу. Шаар башчысы Сокулук районунун акимине баш ийет.

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Экономика

КабМин жаңы салыктык реформаны даярдап жатат. Эмне өзгөрөт?

Министрлер Кабинети салык системасын реформалоо боюнча жаңы токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ салыктык башкарууну түп-тамырынан өзгөртүп, көзөмөлдү күчөтүүнү, санариптештирүүнү жана салык органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү карайт. Негизги өзгөрүүлөр кайсылар? Видео көзөмөл (камералар) Ишкерлер салык органдарына видеобайкоо системаларына жеткиликтүүлүк берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Эгер камералар жок болсо, текшерүүчүлөр аларды өздөрү

Бишкекте эттин баасына карата рейд өткөрүлдү

Коом

Бишкекте эттин баасына карата рейд өткөрүлдү

Бишкектеги базарларда эттин баасын жогорулатууга жол бербөө максатында рейд өткөрүлдү. Маалыматка таянсак, эт сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эттин баасын жогорулатпоо жана жарандарды сапаттуу эт менен камсыздоо белгиленди. Ошондой эле, Ленин районунда этти социалдык баада саткан соода түйүндөрүнүн иши текшерилди. “Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан этти арзан сатуу үчүн бөлүнгөн жер

Быйылкы жылдын I кварталында тоо-кен тармагында 30,4%га өсүү болду

Экономика

Быйылкы жылдын I кварталында тоо-кен тармагында 30,4%га өсүү болду

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–март айларынын жыйынтыгы боюнча пайдалуу кендерди казуу тармагында өнөр жай продукциясынын көлөмү 21 млрд 303,8 млн сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,4%га өстү. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын март айында тармактагы өндүрүш көлөмү 6 млрд 694 млн сомду түздү (2025-жылдын

Кыргызстанда Чоңдорго билим берүү күнү белгиленди

Коом

Кыргызстанда Чоңдорго билим берүү күнү белгиленди

Бүгүн, 17-апрелде Чоңдорго билим берүү күнү Жогорку Кеңеште белгиленди. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, 17-апрелди Чоңдорго билим берүү күнү катары ар жылы белгилөө боюнча Жогорку Кеңештин тийиштүү токтому былтыр кабыл алынган. Депутат Медер Чотоновнун жетекчилиги астында өткөн ишчарага Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард,