акыркы жаңылыктар

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген объекттер демонтаждалууда

Коом

Бишкекте дизайн-кодго туура келбеген объекттер демонтаждалууда

Бишкек шаарынын экинчи даражадагы көчөлөрүндө жайгаштыруу эрежелерине жооп бербеген жарнамалык конструкцияларды жана интернет чубалгыларын демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул иштер шаардагы дизайн-коддун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Анын негизинде Киев көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Манас проспектине чейинки тилкеде демонтаждоо иштери башталды. Шаар куруу жана архитектура

Президент Ысык-Көлгө  тор салбоого чакырды

Коом

Президент Ысык-Көлгө тор салбоого чакырды

Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасы аркылуу элди жаратылышты сактоого чакырган кайрылуусу менен бөлүштү. Урматтуу ысык-көлдүк мекендештер! Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлоду тазалап жүрүшөт. Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы. Жаратылышты таза сактап, кийинки

Салык кызматы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүктөрдү аныктады

Коом

Салык кызматы "Ак-Жол" өткөрмө пунктунда мыйзамсыз жүктөрдү аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте "Ак-Жол" контролдук-өткөрмө пунктунун аймагында рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген кичи автобустар текшерүүгө алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келе жаткан

Таласта мыйзамсыз курулуп жаткан соода жайына чара көрүлдү

Коом

Таласта мыйзамсыз курулуп жаткан соода жайына чара көрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас регионалдык башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин туруктуу негизде көзөмөлдөөнү улантууда. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Талас шаарынын А. Оторбаев көчөсү, 241 дарегинде жайгашкан “КЫРМАН” (кампа) соода жайынын курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, курулуш жүргүзгөн жаран жер тилкесинин

Кыргызстан менен Кытай санариптик кызматташтыкты күчөтөт

Коом

Кыргызстан менен Кытай санариптик кызматташтыкты күчөтөт

Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлор жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жолугушууга Everbeacon Data Intelligence Technology компаниясынын өкүлдөрү катышып, санариптик технологиялар, жасалма интеллект жана чоң маалыматтарды иштетүү боюнча заманбап чечимдерин сунушташты. Тараптар санариптик трансформацияны өнүктүрүү, жогорку технологиялуу тармактарга инвестиция

Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

Транспорт

Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкек шаарында Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган тилкеде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан инфраструктураны жакшыртууга багытталган иштер башталып, аймакта жол кыймылына

Кыргызстанда ар башка унаанын тетиктеринен куралган Кытай техникалары аныкталды

Транспорт

Кыргызстанда ар башка унаанын тетиктеринен куралган Кытай техникалары аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы идентификациялык маалыматтары бурмаланган техниканы өлкөгө алып кирүүгө аракет жасалганын аныктады. Маалыматка ылайык, Кытайдан Кыргызстанга "Торугарт" өткөрмө пункту аркылуу 2022-жылы чыгарылган деп көрсөтүлгөн алты Shachman үлгүсүндөгү жүк унаасы келген. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаалардын VIN-номурлары кол менен өзгөртүлгөнү, ал эми алардын чыныгы чыгарылган жылы 2017–2018-

Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган жаңы күмүш монеталар чыгарылды

Банктар

Россияда Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган жаңы күмүш монеталар чыгарылды

РФнын борбордук банкы 2026-жылдын 16-апрелинен тарта жүгүртүүгө номиналы 2 рубль болгон эстелик күмүш монеталарды чыгарды. Алар “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары” сериясына арналган. Борбордук банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы монеталар согуштун баатылары Исса Плиев жана Алексей Маресьевге арналган. Исса Плиев – эки жолку Советтик

Бишкек 2 миллион гүл менен кооздолот

Коом

Бишкек 2 миллион гүл менен кооздолот

"Бишкек жашыл курулуш" МИси гүл отургузуу иштерин баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Быйыл  2 000 000 бир жылдык гүлдөр отургузулат. Жашылдандыруу  үчүн ар түрдүү кооз гүлдөр колдонулат, алардын катарына тагетс, сальвия, агератум, катарантус, георгиндер, петуниялар жана колеустар кирет. Мындай кооздук жаз-жай мезгилинде кооз түстөргө бөлөп турат. Гүл

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендер боюнча маалымат берди

Кыймылсыз мүлк

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендер боюнча маалымат берди

УКМК Ош шаардык мэриясында жасалма тендер өткөрүүгө байланышкан коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин орун басары К.М. В.Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын жатаканасын бузуу боюнча тендер уюштурган. Ошол эле учурда, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган имарат тендер өткөрүлгөнгө чейин эле толугу менен бузулуп бүткөнү аныкталган.

Кыргызстанда жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди

Экономика

Кыргызстанда жеңилдетилген насыя алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "АБанк" жана "Элдик Банк" ААКлары менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилгенин жарыялады. Маалыматка ылайык, 15-апрелде министрлик менен өнөктөш банктардын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлган. Анын алкагында iDyikan платформасынын негизинде

Айрым өткөрмө пункттарда жүк ташуучу унааларды текшерүү убактысы кыскарды

Экономика

Айрым өткөрмө пункттарда жүк ташуучу унааларды текшерүү убактысы кыскарды

Кыргызстандын бир катар өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унааларды текшерүү жана каттоо убактысы кыйла кыскарды. Жүк агымы бир нече эсеге көбөйгөнүнө карабастан, бир сааттан аз убакытта контролдон өтүү көрсөткүчү жогорулагандыгын Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, “Достук” өткөрмө пунктунда акыркы бир жыл ичинде жүк ташуучу унаалардын 1 сааттан аз убакытта өтүү