Банктар
Насыялык бюролордо кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү сунушталууда
КРнын Улуттук банкы насыялык бюролордун ишин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ 2026-жылдын 29-апрелинде кабыл алынган «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдагы өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, кредиттик бюролордо сакталган терс кредиттик маалыматтардын мөөнөтү кыскартылат. Тактап айтканда, учурда терс