Коом
Россияда эмгектенген 18 кыргыз жаранынын эмгек акылары өндүрүлүп берилди
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү 18 кыргыз жаранына эмгек акы боюнча карыздарын алууга жардам берди. Бул тууралуу КРнын аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты. Билдирүүгө караганда, эмгек министрлигинин РФгы Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан КРнын жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин