Саясат
Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын президенттери Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал Консультативдик жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка таянсак, иш-чарага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын