Саясат

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Саясат

Кыргызстандын БУУдагы демилгелери: мөңгүлөрдү сактоо, климаттын өзгөрүшү

Гкерманияда БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Бонн процесси алкагында президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова баштаган Кыргызстандын делегациясы глобалдык климаттык сүйлөшүүлөрдө тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча иштерге катышууда.  Президенттин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандын демилгеси менен “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык диалог” өткөрүлдү.

Уулжан Бейшенбекова
Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Коом

Эмгек акыны баалардын өсүшүнө жараша көбөйтүү каралууда

Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети 15-июнда эмгек акыны индексациялоого байланыштуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Парламенттин басма сөз кызматы белгилегендей, мыйзам долбоору кызматкерлердин эмгек акысынын чыныгы наркын сактоо жана инфляциянын таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Демилгечилер – эл өкүлдөрү Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев,

Уулжан Бейшенбекова
Кыргыз тарап кытайлык ишкерлерге инвестициялык долбоорлорду сунуштады

Саясат

Кыргыз тарап кытайлык ишкерлерге инвестициялык долбоорлорду сунуштады

15-июнда Кытайдын Циндао шаарында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бизнес-жолугушууга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда инвестиция тартуу жана бизнес

Уулжан Бейшенбекова
Адылбек Касымалиев Өзбекстанга жумуш сапары менен барат

Саясат

Адылбек Касымалиев Өзбекстанга жумуш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16–17-июнда жумуш сапары менен Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, форумдун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу

Уулжан Бейшенбекова
Ысык-Көлдө 175 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ачылды

Энергетика

Ысык-Көлдө 175 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ачылды

14-июнда мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Өрүк айылында кубаттуулугу 175 мегаватт-пик (МВтп) болгон “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясынын биринчи фазасын ишке киргизүү аземине катышты. Президент жаңы күн электр станциясынын расмий ачылышында сөз сүйлөп, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн

Уулжан Бейшенбекова
Токаевге Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну  сунушташты

Саясат

Токаевге Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунушташты

Жогорку Кеңештин төрагасынын Марлен Маматалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле маданий-гуманитардык алакалар боюнча маселелер көтөрүлүп, төрага Астана

Уулжан Бейшенбекова
Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирди

Саясат

Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Садыр Жапаров “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.  Мыйзам Жогорку Кеңештин депутатынын окутуучулук, илимий жана чыгармачылык ишмердиги үчүн сый акы алуу укугу боюнча колдонуудагы мыйзамдардагы боштуктарды жана эки ача чечмелөөнү жоюу

Сапар Акунбеков
Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Саясат

Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында, 12-июнда, жогорку деңгээлдеги Биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Төмөнкү эки тараптуу

Сапар Акунбеков
Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министринин жолугушуусу болду

Саясат

Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министринин жолугушуусу болду

Бишкек шаарында 12-июнда, Президент Садыр Жапаров менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды. Маалыматка ылайык, “Ынтымак Ордо” имаратынын алдына Кыргызстан менен Грузиянын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол тизилип, этно-жоокерлер турушту. Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе саламдашкандан кийин Ардактуу

Сапар Акунбеков
Кыргызстан менен Кытай виза алуу маселесин талкуулашты

Саясат

Кыргызстан менен Кытай виза алуу маселесин талкуулашты

Бишкекте кыргыз-кытай министрликтер аралык консулдук консультациялары өтүп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери каралды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, делегацияларды Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулу жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Лун Чжоу жетектеди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар консулдук тармактагы кызматташтыкты кеңейтүү, жарандардын укуктарын коргоо жана эки өлкөнүн

Уулжан Бейшенбекова
Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Саясат

Грузиянын премьер-министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келди. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, "Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.  Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы жайгаштырылган. Белгилей кетсек,

Сапар Акунбеков
Акыйкатчынын орун басары болуп Медербек Усаров дайындалды

Саясат

Акыйкатчынын орун басары болуп Медербек Усаров дайындалды

11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчынын  орун басары болуп Медербек Усаров шайланды.  Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Жаныбек Жоробаев аркалап келген. Ж.Жоробаев өзүнүн каалоосу менен кызматтан бошотулду. Медербек Усаров буга чейин, Юстиция министрлигинде, Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясында иштеген.

Сапар Акунбеков