Саясат
Садыр Жапаров менен Ирандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү
26-майда, Иран тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиандын телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Мамлекет башчылары келе жаткан ыйык Курман айт майрамынын алдында бири-бирин куттукташып, Кыргызстан жана Иран элдерине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү