Саясат
Кыргызстан менен Пакистан ишкерлер үчүн кызматташтык аянтчасын түздү
Бишкекте Кыргызстан менен Пакистандын Ишкерлер кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына ылайык, жыйында логистика, айыл чарба, адал индустрия, текстиль жана дары-дармек тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле тараптар транспорттук байланыштарды жакшыртуу, бажы жол-