Экономика
Казакстанда кремний эритмелерин чыгаруучу ири завод ишке кирди
Караганда облусунда кремний эритмелерин чыгаруучу завод ишке киргенин tengrinews.kz сайты жазды. Жаңы ишкана кремний кластерин түзүү боюнча ири долбоордун биринчи этабы болуп саналат. Бул кластер чийки затты казып алуудан жана электр энергиясын өндүрүүдөн тартып, жогорку технологиялуу тармактар үчүн материалдарды чыгарууга жана андан ары күн панелдерин өндүрүүгө чейинки циклди камтыйт.