Экономика

Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Экономика

Бишкекте эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өтүүдө

Бишкек шаарындагы  “Жаштык арена” спорт комплексинде Ala-Too Trade and Industry Expo 2026 эл аралык өнөр жай жана соода көргөзмөсү өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында өтүүдө. Көргөзмө ШКУга мүчө мамлекеттердин экономика

Жеке ишкер болууну каалагандар эмнелерди билиши керек?

Экономика

Жеке ишкер болууну каалагандар эмнелерди билиши керек?

Өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кызыккан жарандардын саны күн санап өсүүдө. Бирок ишкерликти ийгиликтүү жүргүзүү үчүн идея жана капиталдын гана болушу - жетишсиз. Эгерде сиз жеке ишкердик менен алектенүүнү же юридикалык жак түзбөстөн дыйкан чарбасын түзгүңүз келсе, анда алгач Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары катталышыңыз абзел. Анткени КРнын салык

Кыргызстан менен Индия экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

Экономика

Кыргызстан менен Индия экономикалык кызматташтыкты кеңейтет

3-июнда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Индиянын оор жана болот өнөр жай министри Кумарасвами Хараданахалли Девегоуда менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бакыт Сыдыков энергетика, жашыл экономика, индустриялаштыруу жана агроөнөр жай

Санкт-Петербургда "Кыргызстан-Россия" бизнес-диалогу өттү

Экономика

Санкт-Петербургда "Кыргызстан-Россия" бизнес-диалогу өттү

Санкт-Петербургга болгон жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн “Кыргызстан-Россия” бизнес-диалогунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын бул форумга биринчи жолу толук кандуу катышуусунун өзгөчө маанисин белгилеп, форумдун

Баалуу металлдар департаментин модернизациялоо маселеси каралды

Экономика

Баалуу металлдар департаментин модернизациялоо маселеси каралды

Финансы министри Руслан Суйналиев Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине иш сапары менен барып, мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда департаменттин директору Алмаз Кадыракунов мекеменин ишмердүүлүгү жана тармакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдө бизнес-борборун ачат

Экономика

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдө бизнес-борборун ачат

“Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы Ысык-Көлдүн жээгинде алгачкы бизнес-борборун ачат. Бул жерде АФИАнын башкаруучу компаниясынын кеңселери жайгашат. Ушул учурдан тартып аймак бизнес менен расмий иштөөгө жана алгачкы резиденттерди кабыл алууга даярдык көрө баштайт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аянты 3 850

Эсептөө палатасын санариптештирүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Экономика

Эсептөө палатасын санариптештирүү боюнча мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинде “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Документ тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын күчөтүүгө багытталган. Анын алкагында электрондук (онлайн) аудитти киргизүү, тобокелдиктерди алдын ала аныктоого багытталган проактивдүү

Кыргызстандык тигүүчүлөр үчүн экспорттук талаптар түшүндүрүлдү

Экономика

Кыргызстандык тигүүчүлөр үчүн экспорттук талаптар түшүндүрүлдү

Экономика жана коммерция министрлигинде жеңил өнөр жай продукцияларын экспорттоо жана алардын техникалык талаптарга шайкештигин камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйындын негизги темасы "Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарын практикалык колдонуу болду. Катышуучулар продукцияны маркалоо, декларациялоо жана сертификаттоо жол-жоболорун талкуулашты.

Үч айда экономиканын субъектилерине 610 млрд сомдон ашык кредит берилди

Экономика

Үч айда экономиканын субъектилерине 610 млрд сомдон ашык кредит берилди

2026-жылдын январь–март айларында Кыргызстандагы экономиканын субъектилери коммерциялык банктар жана кредиттик уюмдар аркылуу жалпысынан 610,4 млрд сомдон ашык кредит алышкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Маалыматка ылайык, отчеттук мезгилдин аягына карата коммерциялык банктар тарабынан берилген кредиттердин көлөмү 539,6 млрд сомду түзсө, кредиттик уюмдар аркылуу берилген

2026-жылдын үч айында 204 миңден ашуун милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн

Экономика

2026-жылдын үч айында 204 миңден ашуун милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн

2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда милдеттүү камсыздандыруу боюнча 204 миң 279 келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, 3 айда жарандардын мүлкүн камсыздандыруу боюнча 74 миң 285 келишим катталган. Алардын басымдуу бөлүгү кыймылсыз мүлктү камсыздандырууга туура келип - 74 миң 126 келишим түзүлсө, кыймылдуу мүлк боюнча - 159

Оштогу 32 айылды таза суу менен камсыздоого 66,7 млн доллар бөлүнөт

Экономика

Оштогу 32 айылды таза суу менен камсыздоого 66,7 млн доллар бөлүнөт

Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы 32 айылдын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган ири долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Долбоор аймактагы эң көйгөйлүү маселелердин бирин чечүүгө багытталган.

Камсыздандыруу келишимдеринин саны өстү

Экономика

Камсыздандыруу келишимдеринин саны өстү

2026-жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасынын каржы секторунда 19 камсыздандыруу компаниясы иштеди. Алардын кирешеси 2025-жылдын I-кварталы менен салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 2,9 млрд. сомду түзгөн. Мындан тышкары, жалпы кирешенин дээрлик 87%дан ашыгы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен болгон. Мындай билдирүүнү КРнын Улуттук статистика комитетинен кабарлашты. Статкомдун билдирүүсүнө