Экономика
БАЭ башкаруучулар үй-бүлөсүнүн мүчөсү Мансур Нахайян "Ала-Тоо Резорт" долбооруна кызыкты
"Ала-Тоо Резорт" долбооруна Бириккен Араб Эмираттарынын башкаруучу үй-бүлөсүнүн мүчөсү, шейх Мансур бин Зайд Аль Нахайян кызыгуу билдиргенин "Ала-Тоо Резорт" ААКы маалымдады. Маалыматка ылайык, шейхтин кеңсесинин өкүлдөрү менен компаниянын жетекчилиги онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Тараптар Кыргызстанда жыл бою иштей турган тоо-лыжа кластерин куруу боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашкан.