Экономика

Кыргызстанда 302 миңден ашык адамдын терс насыялык тарыхы бар

Экономика

Кыргызстанда 302 миңден ашык адамдын терс насыялык тарыхы бар

Кыргызстанда 1 млн 517 миң жаран насыялык тарыхка ээ, алардын ичинен 302 миң 355 адамдын насыялык тарыхы терс экенин экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, жаран насыя төлөмүн 90 күнгө кечиктирген учурдан тартып анын кредиттик тарыхы терс болуп эсептеле баштайт. Депутаттар "

Транзакцияга салыкты 0,1%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Экономика

Транзакцияга салыкты 0,1%га чейин төмөндөтүү сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы банк секторунун жана Кыргызстан банктарынын бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Салык кызматынан билдиришкендей, жолугушууда салык мыйзамдарына киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүлөр, анын ичинде "Транзакцияга салык" атайын салык режими жана 2025-жылдын 31-декабрындагы Мыйзамга ылайык, бул салыктын ставкасын 0,2%дан 0,1%га чейин төмөндөтүү маселеси талкууланды.

Быйыл ишкерлерге 6% менен насыя берилет

Экономика

Быйыл ишкерлерге 6% менен насыя берилет

Быйыл ишкерлерге 6% менен насыя берилерин “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Адилет Камчыбеков “Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Анын айтымында, насыя ишкерлерге мамлекеттик колдоо аркылуу 300 миң сомдон 5 млн сомго чейин берилет. Жалпысынан фонд тарабынан 500 млн сом өлчөмүндө насыя берүү каралган. “Каражаттын 60%ы

"Кыргызалтын": Алтын куймаларга суроо-талап өсүүдө

Экономика

"Кыргызалтын": Алтын куймаларга суроо-талап өсүүдө

Акыркы күндөрү алтын куймаларына болгон суроо-талап өсүп, "Кыргызалтын" ААКтын алтын сатып алуу бөлүмүндө узун кезек жаралды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Кыргызалтын" учурда 1, 5 жана 10 граммдан жогору салмактагы алтын куймаларын сатыкка коюуда. Ишканадан белгилешкендей, акыркы мезгилде эл арасында алтынды белекке

Кыргызстанда айылдардын 50%ы ичүүчү суу менен камсыз болгон

Экономика

Кыргызстанда айылдардын 50%ы ичүүчү суу менен камсыз болгон

Кыргызстанда айылдардын болжол менен 50%ы гана ичүүчү таза суу менен камсыздалганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев парламент жыйынында билдирди. Депутат министрдин орун басарынан шаар калкынын канча пайызы ичүүчү суу менен камсыз болгонун тактады. Керималиев шаарлар боюнча өзүндө так маалымат

МСК ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктап, мыйзамга каршы аракеттер токтотулат

Экономика

МСК ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдү аныктап, мыйзамга каршы аракеттер токтотулат

Айрым ак ниетсиз салык төлөөчүлөр салыктык эсепке алуу маалыматтарын атайылап бурмалап, жалган электрондук эсеп фактурасын тариздөө жолу менен жасалма чыгымдарды түзүп, салыктык милдеттенмелерди мыйзамсыз түрдө азайтууга аракет кылышууда. Мындай билдирүүнү Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды тариздөө товарлардын, иштердин же кызмат көрсөтүүлөрдүн реалдуу чарбалык операциясы

Өзгөн районунда үч энергетикалык объект ишке берилди

Экономика

Өзгөн районунда үч энергетикалык объект ишке берилди

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында беш объект пайдаланууга берилди, алардын үчөө Өзгөн районунда жайгашкан. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи объект Куршаб айыл аймагында курулган. Аткарылган иштердин баасы 7 миллион 325 миң сомду түзөт. Экинчи объект — кубаттуулугу 110/35/10 киловольт болгон "Кара-Шоро&

Apple корпорациясы жаңы AirTag геобелгисин чыгарды

Экономика

Apple корпорациясы жаңы AirTag геобелгисин чыгарды

Apple корпорациясы фирмалык AirTag геобелгисинин жаңы муунун сунуштап, издөө аралыгынын кеңейишине жана үнүнүн жакшырышына басым жасаганын компаниянын расмий сайтында маалымдалды. Аралык мурунку версияга салыштырмалуу 50%га көбөйгөнү белгиленет. Ошондой эле жаңыртылган Bluetooth чип орнотулуп, бул байкоо жүргүзүүнүн жалпы радиусуна оң таасирин тийгизди. Камтылган динамик да болжол менен 50%га катуураак

Барпы айылында 1 МВт кубаттуулуктагы Күн электр станциясы курулат

Энергетика

Барпы айылында 1 МВт кубаттуулуктагы Күн электр станциясы курулат

"Элдик Банк" Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күн электр станциясын куруу боюнча конкурс жарыялады. Долбоордун пландалган баасы 66 млн сомду түзөт, ал эми иштер ачык сатып алуу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча башталмакчы. Сатып алуу тууралуу жарыя 2026-жылдын 27-январында жарыяланган. Подрядчылардан арыздар 2026-жылдын 4-февралына чейин кабыл алынат. Конкурс чектөөсүз форматта өткөрүлөт,

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө эттин баасы кандай?

Экономика

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө эттин баасы кандай?

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев бир катар өлкөлөрдө сөөктүү эттин орточо баалары боюнча салыштырма маалымат берди. 26-январда Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 1 килограмм эттин баасы өлкөлөргө жараша айырмаланарын билдирди.

Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Экономика

Бизнести текшерүүгө 2026-жылдын аягына чейин мораторий киргизүү сунушталды

Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү боюнча Президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ бизнеске болгон административдик басымды азайтуу жана экономикалык активдүүлүктү турукташтыруу максатында иштелип чыккан. Долбоордо белгиленгендей, ишкерлер укук коргоо органдары, салык кызматы, башка көзөмөлдөөчү мекемелер жана жергиликтүү администрациялар тарабынан жүргүзүлгөн ашыкча жана кайталанма текшерүүлөр боюнча массалык түрдө

Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Бийлик

Финансы министрлиги 2025-жылды туруктуу өсүш менен жыйынтыктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Финансы министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. Бул тууралуу Өкмөтн басма сөз кызматынан билдиришти. Анын айтымында, 2020-жылдан бери Кыргызстандын консолидацияланган бюджети дээрлик 5 эсеге өстү. Эгер 2020-жылы бюджет 247,8 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1 трлн 101 млрд сомго жетти. Экономиканын жалпы көлөмү