Экономика

Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө продукция экспорттоп жатат

Экономика

Кыргызстан 80ден ашык өлкөгө продукция экспорттоп жатат

Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын экспорту өсүүдө. Акыркы маалыматтарга ылайык, республикада өндүрүлгөн 60тан ашуун айыл чарба продукциясы дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнө экспорттолууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. 2025-жылдын январь–декабрь айларында айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү жалпы экспорт көлөмүнүн 13,3%ын түздү. Бул

Айгерим Качкынбекова
Зергерлерге 90 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет

Экономика

Зергерлерге 90 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда зергерчилик тармагын өнүктүрүүгө багытталган жаңы колдоо чаралары ишке кирди. Өлкөдө ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн мурда болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү ачкан эки маанилүү токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жаңы чечимдердин негизинде зергерлер эми баалуу металлдарды Мамлекеттик фонддон дүйнөлүк баага (LBMA) салыштырмалуу 2% арзандатуу менен сатып ала

Айгерим Качкынбекова
Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

Экономика

Бюджеттин салыктык кирешелери 3 айда 37%га өскөн

2026-жылдын I чейрегинде мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери жылдык салыштырмада 37%га өскөнүн Финансы министрлигинин бюджеттин аткарылышы боюнча отчетторун салыштыруу көрсөткөн. Жалпысынан республикада салыктар түрүндө 129,2 млрд сом жыйналган — бул 2025-жылдын I чейрегине караганда 35 млрд сомго көп. Бул сумманын ичинен: * республикалык бюджетке — 117,2 млрд сом * жергиликтүү

Мелис Совет уулу
Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Экономика

Мамлекет билим берүү тармагын активдүү инвестициялай баштады – Д.Кендирбаева

Кыргызстандын агартуу министри Догдуркул Кендирбаева өлкөнүн PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтыктары мурдагы жылдарга караганда жакшыраак болот деп эсептейт. Анын айтымында, бул изилдөөнү өткөргөн ОЭСР азырынча жыйынтыктарды жарыялай элек. Министр белгилегендей, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн мониторингге ылайык, Кыргызстанда адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар натыйжалуу болуп, өсүү көрсөткүчтөрү байкалууда. Ошол эле учурда ал чоң

Мелис Совет уулу
Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Экономика

Фрунзе айылында мал чарбачылыгы боюнча заманбап лаборатория ачылды

Сокулуктун Фрунзе айылында Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна караштуу жаңыланган лаборатория ачылды. Имаратты түп орду менен жаңылоону Түштүк Кореянын KOPIA борбору каржылык жактан колдоп, ал азыр заманбап илимий борборго айланды. Имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, изилдөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Лабораторияны Дүйнөлүк банк каржылаган "Агрардык бизнестин

Мелис Совет уулу
Окуучулары олимпиада жеңген мугалимге 500 миң сомго чейин сыйлыктар берилет

Экономика

Окуучулары олимпиада жеңген мугалимге 500 миң сомго чейин сыйлыктар берилет

Кыргызстанда окуучулары эл аралык олимпиадалардагы жеңишке жетишкен мугалимдерге 500 миң сомго чейин бир жолку сыйлык берилерин Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин мугалимдери окуучуларды эл аралык олимпиадаларга даярдап, алар байгелүү орундарга ээ болсо, бир жолку акчалай сыйлык

Мелис Совет уулу
"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

Энергетика

"Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү

Кыргызстандын энергетика тармагында "акылдуу" эсептегичтерди киргизүү жана санариптештирүү чыгымдарды кыскартууга жана ишти оптималдаштырууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди. Анын айтымында, 2023–2025-жылдары жүргүзүлгөн санариптик реформалардын натыйжасында 416 инспектор кыскартылып, 291 млн сом үнөмдөлгөн. Мындан тышкары,

Мелис Совет уулу
Кытай инвестициялары 2,1 млрд долларга чейин өстү — ЕАӨБ

Экономика

Кытай инвестициялары 2,1 млрд долларга чейин өстү — ЕАӨБ

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет элдик инвестициялардын (ТЧИ) көлөмү 2016-жылдагы 826 млн доллардан 2,1 млрд долларга чейин өскөнү  ЕАӨБ даярдаган "Кытай жана Евразия аймагы: инвестициялык агымдарды талдоо" аттуу баяндамада айтылат. Изилдөөгө ылайык, Кыргызстан азыр Борбор Азиядагы Кытай инвестицияларынын 5,8%

Мелис Совет уулу
Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалардын саны көп?

Экономика

Кайсыл облуста же шаарда иштеп жаткан ишканалардын саны көп?

2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстан аймагында иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин (юридикалык жана жеке жактар) саны 823,5 миңди түзгөнү расмий маалыматтарда көрсөтүлгөн. 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу алардын саны 2,2%га көбөйгөн. Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй: * Баткен облусу — 77,3 миң (өткөн жылга салыштырмалуу 102,9%

Мелис Совет уулу
Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Коом

Майрам күндөрү медициналык камсыздандыруу полиси кандай иштейт?

Май майрамдарынын алдында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жарандарга медициналык жардам алуу тартиби жана камсыздандыруу статусунун мааниси тууралуу эскертти. Фонддун маалыматына ылайык, шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт. Бул жардамга дары-дармектер жана медициналык буюмдар да кирет жана бейтаптын абалы турукташканга чейин Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында берилет. Мындай

Мелис Совет уулу
Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Экономика

Кыргызстанда мугалимдер үчүн KPI системасы киргизилет

Кыргызстандагы мектептерде 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдерге алардын иш жыйынтыгына жараша кошумча төлөмдөр караларын маалымат жыйынында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, жакынкы үч жыл ичинде мугалимдер үчүн KPI (негизги көрсөткүчтөр) системасын киргизүү пландалып жатат. Ошондуктан мугалимдердин айлыгы массалык түрдө көбөйтүлбөйт, көбүнчө жекече (натыйжага жараша)

Ишкер Media
Мугалимдердин айлыгын жогорулатууда бирдиктүү коэффициент киргизилди

Экономика

Мугалимдердин айлыгын жогорулатууда бирдиктүү коэффициент киргизилди

2026-жылдын 1-апрелинен тартып бардык педагогикалык кызматкерлер үчүн бирдиктүү коэффициент колдонулуп жатканын маалымат жыйынында бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инфраструктура башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова билдирди. Буга чейин STEM багытындагы мугалимдер жана башталгыч класстардын мугалимдери үчүн өзүнчө коэффициент колдонулуп келген. Мындай ыкмага тарых мугалимдери каршы чыгып, министрлер кабинетинин башчысынан аны

Мелис Совет уулу