Коом
Чаткалдагы тоо-кен компанияларында лицензиялык документтердин жоктугу аныкталды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы эки тоо-кен компаниясында лицензиялоого чейинки текшерүү жүргүзүп, калдыктарды сактоочу жайларды пайдаланууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Министрликтин маалыматына ылайык, лицензиялоого чейинки текшерүү "Фулл Голд Майнинг" ЖЧКсында жана "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсында жүргүзүлдү. Текшерүүнүн