Коом

Ошто 30 чакырым тротуар жасалууда

Коом

Ошто 30 чакырым тротуар жасалууда

Ош шаарында азыркы тапта жалпы 30 чакырым тротуар төшөлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мериянын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарындагы тротуар жасалып жаткан даректер төмөндө: Курманжан Датка көчөсү 7 чакырым; Алымбек Датка көчөсү 3,5 чакырым; Көкүм-Бий көчөсү 16 чакырым; А.Масалиев көчөсүндө 2 чакырым жол жасалууда.  Эске салсак,

Сапар Акунбеков
Жумгалдын Жаңы-Арык айылында спорт комплекси курулууда

Коом

Жумгалдын Жаңы-Арык айылында спорт комплекси курулууда

Куйручук-Кызарт айыл аймагына караштуу Жаңы-Арык айылында спорт комплекс курулууда. Бул үчүн республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен 80 миллион 835 миң сом каралган. Курулуш аянтында жер жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, учурда имараттын пайдубалы түптөлүүдө. Спорт комплекс толук пайдаланууга берилгенден кийин айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна шарттар түзүлүп, сергек жашоо

Сапар Акунбеков
Кыргызстан менен Беларусь курулуш тармагын санариптештирүүнү талкуулады

Коом

Кыргызстан менен Беларусь курулуш тармагын санариптештирүүнү талкуулады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти Беларусь Республикасынын “Башкы мамлекеттик курулуш экспертизасы” республикалык унитардык ишканасынын башкы директору Владимир Белоус жетектеген делегацияны кабыл алды. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар курулуш тармагындагы мамлекеттик экспертизанын заманбап ыкмаларын жана санариптик өнүгүү багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экспертизаны электронду

Айгерим Качкынбекова
360 киши ажылык сапарга кетти

Коом

360 киши ажылык сапарга кетти

15-майда, Бишкектеги “Манас” эл аралык аба майданынан Сауд Арабиясынын Жидда шаарына 360 киши ажылык сапарга кетти. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Бул — 2026-жылдагы Бишкек — Жидда багыты боюнча алгачкы каттам. Буга чейин, 10-майда ажылардын биринчи тобу Ош — Медина багыты аркылуу Ош шаарынан сапарга чыккан. Быйыл жалпы 6

Сапар Акунбеков
Зардалы айылында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Коом

Зардалы айылында жаңы футбол аянтчасы ачылды

Бүгүн Баткен районунун алыскы Зардалы айылында жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган спорттук жай президенттин фондунун эсебинен Баткен облусунда курулуп жаткан 10 кичи футбол аянтчасынын бири болуп саналат. Ачылыш аземине катышкан Баткен районунун акими Данир Иманалиев бул долбоор жаштар арасында сергек

Айгерим Качкынбекова
Кара-Балтадан курал-жарак катылган жашыруун жай табылды

Коом

Кара-Балтадан курал-жарак катылган жашыруун жай табылды

Кара-Балта шаарынын четинен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жашыруун жай эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү, ошондой эле курал-жарак, жардыруучу заттар жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-

Айгерим Качкынбекова
Нарында ата-энесиз балдарга жер тилкелери берилди

Коом

Нарында ата-энесиз балдарга жер тилкелери берилди

Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдардын турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында Кочкор районундагы 5 балага, Жумгал районундагы 3 балага жана Нарын районундагы 1 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук

Айгерим Качкынбекова
Бишкектин Лущихин көчөсүндө жол кыймылы убактылуу жабылат

Коом

Бишкектин Лущихин көчөсүндө жол кыймылы убактылуу жабылат

2026-жылдын титулдук тизмесине ылайык, Лущихин көчөсүнүн Л.Толстой көчөсүнөн Лущихин көчөсүнө чейинки 600 метр аралыктагы бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү каралган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка карганда, долбоордун алкагында жолдун эски катмары жаңыланып, тиешелүү инфраструктуралык элементтерди оңдоо жана иретке келтирүү иштери аткарылат. Аталган объект

Сапар Акунбеков
Кыргыз мал чарба институтунда жаңы химиялык лаборатория ишке берилди

Коом

Кыргыз мал чарба институтунда жаңы химиялык лаборатория ишке берилди

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий изилдөө институтунда капиталдык оңдоодон өткөн имараттын жана жаңы химиялык лабораториянын ачылыш аземи болуп өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чарага министрдин орун басары Асел Кененбаева катышып, институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо илимди жана

Айгерим Качкынбекова
Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп салынып жатат

Коом

Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп салынып жатат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында алты мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын бири — Чолок-Терек айылында салынып жаткан 375 орундуу заманбап мектеп. Ведомствонун маалыматына ылайык, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда курулуш аянтында имараттын биринчи кабатынын колонналарын орнотуу иштери аткарылууда. Башкы план боюнча мектеп эки кабаттан

Айгерим Качкынбекова
Бишкек мэриясы муниципалдык унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады

Коом

Бишкек мэриясы муниципалдык унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчиктеги унааларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөрүн жарыялады. Маалыматка ылайык, 157 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 15-июнунда саат 14:00дө Бишкек шаарынын Чүй проспектиси, 168 дарегинде башталат. Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат. Ачык аукционго катышуу укугуна ээ болуу үчүн

Айгерим Качкынбекова
Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Коом

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.

Айгерим Качкынбекова