Коом
Ош шаарында 735 миң сом алимент өндүрүлдү
Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Ош шаардык бөлүмүндө карызкор К.М.га карата аткаруу өндүрүшү жүрүп келген. Ал Ж.Г. аттуу жаранга эки баланы багуу үчүн кирешесинин 1/3 бөлүгүн алимент катары төлөп берүүгө милдеттендирилген. Аткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө карызкор өлкө аймагында жок болгондуктан ага издөө жарыяланган.