Коом

Кыргызстан БУУ менен тынчтык орнотуу чөйрөсүндөгү кызматташууну талкуулады

Коом

Кыргызстан БУУ менен тынчтык орнотуу чөйрөсүндөгү кызматташууну талкуулады

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров БУУнун Тынчтык орнотуу операциялары боюнча Башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, тараптар Кыргызстандын БУУ менен эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо жаатындагы кызматташтыгын талкуулашты. Анын ичинде Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес

Ишкер Media
Таласта буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тоннага жетти

Коом

Таласта буудайдын түшүмдүүлүгү гектарына 10 тоннага жетти

Талас облусунун Манас районунда 1 гектар жерден 100 центнер, башкача айтканда 10 тонна буудай алынды. Бул 2026-жылдагы буудайдын түшүмдүүлүгү боюнча республикадагы жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт. Манас районундагы жогорку көрсөткүч заманбап агротехнологияларды колдонуу, сапаттуу үрөндөрдү тандоо жана

Ишкер Media
Ошто бүгүн 10 миңден ашуун бала 1-класска барды

Коом

Ошто бүгүн 10 миңден ашуун бала 1-класска барды

Бүгүн Ош шаарында Билим күнү белгиленип, 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 мектепте өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Ишкер Media
Баткенде 8 жаңы билим берүү мекемеси ачылды

Коом

Баткенде 8 жаңы билим берүү мекемеси ачылды

Баткен облусунда жаңы окуу жылынын башталышына карата 8 жаңы билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагындагы Жаңы-Жер айылында жаңыдан пайдаланууга берилген 500 орундуу мектептин ачылыш аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан

Ишкер Media
Бүгүн 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады

Коом

Бүгүн 147 миңге жакын бала мектеп босогосун аттады

Жаңы окуу жылында Кыргызстандагы мектептер 1,5 миллионго жакын окуучуга эшигин ачты. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет. Республикада жалпы 2374 мектеп иштеп жатат. Анын

Ишкер Media
Ош облусунда магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды

Коом

Ош облусунда магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды

Бүгүн эртең менен Кыргызстандын аймагында магнитудасы 3 болгон жер титирөө катталды. Силкинүү Ош облусунун айрым калктуу конуштарында сезилген. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Жер титирөө саат 07:55те болгон. Анын очогу 20 чакырым тереңдикте жайгашып, очогундагы күчү болжол менен 3 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн эпицентри Шоро-Башат

Ишкер Media
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Коом

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады. Президент куттуктоосунда билим жана илим өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири экенин белгиледи. "Бүгүнкү глобалдашуу доорунда биздин негизги куралыбыз – терең билим жана заманбап илим болушу шарт. Биз мекенчил, атаандаштыкка жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлде теңтайлаша алган күчтүү муунду тарбиялоо менен гана өлкөбүздүн

Ишкер Media
ИИМ: чет өлкөлүк жарандарды КРда белгиленген талаптарды так сактоого чакырат

Коом

ИИМ: чет өлкөлүк жарандарды КРда белгиленген талаптарды так сактоого чакырат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарды өлкөдө болуунун жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн белгиленген талаптарын так сактоого чакырат. Кыргызстанда мыйзамдуу иштөө үчүн чет өлкөлүк жаран Бирдиктүү уруксатты тариздөөгө тийиш. Алар жашаган жери боюнча өз убагында каттоодон өтүүгө жана тиешелүү документтердин мөөнөтүн өз убагында узартууга милдеттүү. ИИМдин басма сөз кызматынан

Ишкер Media
Бүгүн Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы башталды

Коом

Бүгүн Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы башталды

Салттуу түрдө 1-сентябрда окуу жылынын башталбай калгандыгынын себебин Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитине жана өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракесине байланыштырган.

Ишкер Media
Ошто 20 жылдан бери чечилбей келген газдаштыруу маселеси кайра жанданды

Коом

Ошто 20 жылдан бери чечилбей келген газдаштыруу маселеси кайра жанданды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында көп жылдан бери токтоп турган газдаштыруу иштери кайра жанданды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда аймакка 2 чакырымга жакын магистралдык газ түтүгү тартылды. Курулуш иштерин "Газпром" ЖЧКсынын филиалынын "Ош шаардык газ" ишканасы жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, Жапалак аймагын

Ишкер Media
Сузакта 2 кабаттуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Коом

Сузакта 2 кабаттуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак айылында Абдыкалык Молдоисаев атындагы №59 жалпы билим берүүчү мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Курулуш министрлиги билдиргендей, мектеп Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Ишкер Media