Экономика
"Кыргызфармация" дары-дармектерди, жабдыктарды сатып алууда 410 млн сом үнөмдөйт
2026-жылдын башынан тартып "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тизмеге ылайык дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган тартипте сатып алып жатат. Жалпысынан 30га жакын аталыштагы дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу каралууда. Бул модель ортомчуларды четтетүүгө, продукциянын эл аралык