Бийлик
Кыргызстандын ирригация тармагына эл аралык инвестициялар тартылат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эл аралык финансы институттарынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда Кыргызстандын суу жана ирригация тармагын өнүктүрүү, инвестициялык муктаждыктар, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Эл